Сабыр Жумабеков көз жумган жоокердин өлүмүнүн чоо-жайын айтты

8 августа 2019 Сабыр Жумабеков көз жумган жоокердин өлүмүнүн чоо-жайын айтты

Каза тапкан аскер 22 жашта экени белгилүү болду.

Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабыр Жумабеков жоокерге тийген ок анын өпкөсүн жана жүрөгүн аралап кеткенин айтты.

7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып киришкен. Анда ок атылып, бир нече киши жаракат алган. Өз кезегинде УКМК элге ок чыгарбаганын айтууда.

Жумабеков ошондой эле каза болгон аскер 22 жашта экенин белгиледи.

"Ок алдынан кирип артынан чыгып кеткен экен. Өпкө менен жүрөгүн аралап кетиптир. Кандай ок тийгенин билбейбиз. Бизге өтө оор абалда келген. Төштүн көңдөйүнө кан агып толуп калган экен, операция учурунда жүрөгү токтоп калды", — деди ал.

Жумабеков, андан сырткары, дагы бир жарандын өпкөсүнөн ок алып чыгышканын айтып, аны атайын органдарга тапшырарын белгиледи.

Ал учурда спецназдын эки жоокери оор абалда экенин, жасалма дем алдыруучу аппаратта жатканын кошумчалады.

Медициналык жардам алуу үчүн кайрылгандардын арасында милиция кызматкерлери да бар.

sputnik.kg