Покер ойноп, утулуп калган күйөөсү аялын досторунун алдына салып берди

7 августа 2019 Покер ойноп, утулуп калган күйөөсү аялын досторунун алдына салып берди

Оюндун кумарына кирип кеткен күйөө сөрөй аялын досторуна зордуктаткан.

Окуя 2-августта Индиянын түндүгүндөгү Уттар-Пратеш штатында болгон.

Күйөөсү үйүнө досу Аруна менен тууганы Аниланы тез-тез чакырып, алар менен покер ойночу. Бир күнү оюнга коё турган акчасы түгөнүп калып, аялын коюп жиберет. Башкача айтканда, аялын зордуктоого уруксат берет.

Бирок, аял үйүнөн качып чыгып, туугандарына кетип калат. Күйөөсү артынан келип, ката иш кылганын айтып, кечирим сурайт. Аялын үйгө кайтабыз деп алдап, жолдон досторуна зордуктатуу үчүн таштап кеткен.

Жабырлануучу полицияга арыз жазып кайрылат. Бирок, анын иши сотто гана каралган.