Ач карын эмнелерди жегенге болбойт?

7 августа 2019 Ач карын эмнелерди жегенге болбойт?

Тамакты да абайлап жеш керек. Ал эми ач карынга төмөндөгүдөй тамак-аштарды жегенге болбойт экенин биле жүрүңүз.

Кофе. Эртең менен туруп кофе ичем дегендерди көп угабыз. Ошентсе да, кофе ашказанды сезгентип, суюктукту көп бөлүп чыгарат. Ал эми анын таасиринен гастрит оорусуна туш болушуңуз мүмкүн.

Банан. Банандын курамында магний элементи көп. Ал жүрөк-кан тамыр системасын жөнгө салганы менен, ач карын банан жесеңиз, кальций-магний байланышын бузушу мүмкүн.

Муздак суусундук. Ашказандагы тамак аш болушу үчүн муздак суусундуктардан көрө жылуу суу ичиңиз.

Быша элек жемиштер. Жемиштердин курамындагы табигый кычкылдыктар – ичеги-карындын сезгенүүсүнүн бирден-бир себеби. Бул ашказан жарасы менен гастритке алып келет.

Йогурт. Эртең менен ашказанга йогурттун курамындагы керектүү бактериялар аз эле керек болот. Аны эртең мененки тамактан кийин, же кечинде ичкен пайдалуу.

Таттуулар. Ач карын таттуу жегенге болбойт. Ал кан курамындагы канттын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн.

Цитрус. Ачка болуп цитрус жемишин жесе аллергия, гастрит пайда болушу мүмкүн.