Сулуу жигиттер эмнеге “анча эмес” кыздарды тандашат?

7 августа 2019 Сулуу жигиттер эмнеге “анча эмес” кыздарды тандашат?

Көчөдө кол кармашкан эки жашты көргөндө кээде бири-бирине ылайык эместей көрүнөт. Бейтааныш адамдын сырткы келбетине гана карап баа берип, “жигити сымбаттуу да, кызынын келбети анча эмес экен” деген сыяктуу пикирлерди кездештиребиз. Азыркы кыздардын кыялына айланган кымбат унаасы менен стилдүү кийими бар жигиттердин да тандоосу башка сулуулардын көзүндөгү “анча эмес” кыздарга түшүп жатат. Мунун себебин психологдор мындайча түшүндүрүшөт.

Мырзалар сулуулукту башкача кабыл алышат. Жомоктогу айтылуу: “Ошол Шираздын сулуу кызын өмүр бою сүйөр элем, бир меңине Самарканд менен Бухараны берер элем”, - деп ырдаганда, эл башчысы “менин шаарларымды кызга бере тургандай ал ким?” - деп акын менен кызды сарайга алдырат. Аларды алып келишсе, кара тору келген, карапайым кыз экен, мунун кайсы жерине кызыктың дегенде, акын “Ага менин көзүм менен караш керек” деп жооп берет. Мындан улам табитке талаш жок деген сөзгө муюйсуң.

Өзүнө атаандаш болуусун каалабайт. Ушундай да жигиттер бар экен. Алар өз жарына караганда акылы жагынан да, акча табуу, ал тургай сулуулук жактан да жогору болгонду каалашат.

Табигый сулуулукту баалайт. Бетине сулуу кыздын сүрөтүн тартып алган кыздын табигый жүзүн качан көрүп чочуйт экенмин деген коркунуч менен жашаганча, боёк менен “жакын дос болбогон” кыздын өзүнө мүнөздүү сүйкүмдүүлүгүн жогору баалайт.

Жан дүйнө сулуулугуна маани берет. Жигиттер сырткы келбетинин жагымдуулугуна гана көп маани берген кыздардан болочок энеге таандык сапаттарды көрө албайт. Жары катары элестете албагандыктан, мындай кыздар  жөн гана бирге убакыт өткөрүп, убактылуу көңүл көтөрүү үчүн керек деп эсептейт. Ал эми үйлөнөр кезде сулуулукту экинчи орунга коюп, жүрөгүнө ашык болот.

Кызгануу таасири. Алган жарын ашыкча кызганган жигиттер ичинен өзүнө ишенимсиз болот. Ар дайым бирөө менден тартып албас бекен деген шек менен жүрөт. Ушул коркунучту жеңилдетүү үчүн башкалардын көзү көп түшпөй турган, “келбети анча сулуу эмес” кызды тандоосу таң калычтуу эмес.