Абактын кызматкерлери кылмышкер өз жанын кыйышы мүмкүн деп болжоп жатат.
Өзүнүн кызынын кейпин кийип качууга аракет кылган бразилиялык наркотөбөл Клаувино да Сильванын сөөгү өзү отурган түрмөдөн чыкты. Бул туурасында The Guardian басылмасы кабарлады.
Колониянын кызматкерлери наркобарон өз жанын кыйышы мүмкүн деген божомолун билдирген.
Буга чейин ушул эле басылма Клаувино да Сильва ага жолугуу үчүн абакка келген кызынын кийимин жана силикон беткапты кийип алып түрмөдөн качып чыгууга аракет кылганын жазган.
Наркотөбөлдүн адаттан тыш тынчсыздануусу абактан качып чыгуу планын бузган. Полиция кызматкерлери өзүн аябай олдоксон алып жүргөн "кызга" көңүл буруп, кармап калышкан.
Да Сильва Бразилиядагы "Кызыл тайпа" аттуу кылмыштуу топтордун биринин жетекчиси болгон. Алар 2005-жылдары Рио-де-Жанейронун эң кооптуу делген аймактарынын 53 пайызын бийлеп турган.