Ошто ачылчу МГУнун филиалында окуй тургандардан акы алынбайт

7 августа 2019 Ошто ачылчу МГУнун филиалында окуй тургандардан акы алынбайт

Студенттер москвалык мугалимдерден билим алат.

Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий окуу жайдын Кыргызстанда ачылчу филиалына тапшыруу жана анда билим алуу тууралуу айтып берди.

Окуу жайдын жетекчиси Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн видео жыйынга катышты.

Анын айтымында, окууга кирүү үчүн тапшырылган сынактын жыйынтыгын текшерүү үчүн Москвага жөнөтүлөт.

"Окуу жеңил болбойт. Студенттер ошого даяр болушу кажет. МГУ филиалда окугандардан эч кандай акы албайт. Андыктан бардык орун бюджеттик болот деп пландалууда. Студенттер МГУнун программасы менен биздин окутуучулардын жетекчилиги алдында билим алат. Кыргызстандын тарыхын жана чет тилдерди окутуу үчүн жергиликтүү адистерди алышыбыз мүмкүн. Ошол эле учурда негизги сабактарды Москвадагы мугалимдар өтөт. Себеби бизден сапаттуу билим берүүнү суранышууда", — деди ректор.

Ал ошондой эле биринчи жылы (план боюнча 2020-жылы) 60-90 абитуриентти кабыл алуу пландалып жатканын белгиледи. Кийинки жылы эки эсеге көбөймөкчү. Студенттерди Москвадан келген жүзгө жакын адис окутат.

Филиалды Ош мамлекеттик университетинин базасында Ош шаарында ачуу пландалууда.

sputnik.kg