Күйөөңүз сизди каалап турсун десеңиз...

6 августа 2019 Күйөөңүз сизди каалап турсун десеңиз...

Күйөөңүздүн сизге дайыма көңүл бөлүп, майда сюрприздер менен кубантып, ар дайым алаканына салып, коргоп жүрүү, же тескерисинче кызыгуунун жоктугу түздөн-түз өзүңүзгө байланыштуу. Демек, сүйүктүүңүз үчүн анын жашоосунун ханбийкеси, же бир гана тамак-ашын даярдап, кирин жуучу кызматчысы болуу өз колуңузда.

Албетте, турмушка чыккан соң ар бир аял аялдык бакытка бөлөнүп, күйөөсүнө сүйөнүп, камкордугунда, назарында болгусу келет. Бирок, кантип дайыма күйөөнүн көңүлүнөн табууга болорун көпчүлүгүбүз биле бербейбиз. Анда эмесе, төмөндөгү кеңештерге кулак түрүңүз.

Ашык болгон мырза түрдүү кадамга даяр экенин унутпаңыз. Ошондуктан, аны өзүңүзгө ашыктыра билиңиз. Ал эми сүйүктүүңүз сизге көңүл буруусу үчүн биринчи өзүңүзгө көңүз бөлүңүз. Жумушка барбасаңыз да, эртең менен турганда эле өзүңүздү иретке келтириңиз. Чачыңыз таралбай, көзүңүз шишип, арасында эстеп, кир халатыңызды үстүңүзгө иле салып, күйөөңүзгө чай куюп берип олтурганыңызды элестетип көрүңүзчү. Чайыңыз бал даамданып турса да, сиздин ошол келбетиңизге карап, анын табити жоголуп кетиши мүмкүн. Мейли бала тарбиясы менен үйдө олтурсаңыз да, өзүңүзгө кам көрүүнү эстен чыгарбаңыз. Бирөө үчүн эмес, өзүңүз үчүн кийинип, жасаныңыз.

Тилекке каршы, көптөгөн келиндер “Күйөөгө тийдим, демек кандай болсо, ошондой жүрө берүүгө болот. Мани ким карайт?” деген жаңылыш пикирде болушат. Тескерисинче, кыз кезиңизде кийген шымыңызды кооз белдемчиге, саркеч көйнөккө алмаштырыңыз, спорттук бут кийимдердин ордуна такалуу туфлилерди кийиңиз. Күйөөгө тийдиңизби, андан ары кулпура бериңиз. Күйөөңүз сиз менен мактана тургандай болсун. Эркектер жанында жүдөгөн аялдын эмес, өзүн-өзү күтө билген, жыйнактуу, сулуу келиндин жүргөнүн каалайт экенин унутпаңыз.

Ошондой эле, сүйүктүүңүздүн жанында алсыз экениңизди билдирип, анын эркек экенин көрсөтө билүүсүнө мүмкүндүк бериңиз. Албетте, колуңуздан баары келет, ошентсе да, ар дайым “Мен” дегенди кыскартыңыз. Күйөөңүзгө таянып, ага ишеним артыңыз. Күйөөңүздүн жанында көйнөк кийген эркек сыяктуу болуп көрүнбөңүз.

Күйөөңүзгө шектүү кылмышкер катары кароону токтотуңуз. “Аны ар дайым көзөмөлдө кармап, жанымдан чыгарбаймын” десеңиз бош убарагерчилик тартасыз. Сиз аңдыган сайын, ал алыстай берет. “Кайда барасың, кайдан келдиң, канчада келесиң, эмне үчүн, кантип, ким менен?” деген суроолор анын тезирээк сизден качып кутулуусуна бирден бир себепчи болот.

Күйөөңүзгө бакыт тартуулай билиңиз. Ага камкор болуңуз, бирок чектен ашып, балаңыз сыяктуу кам көрбөңүз. Ал да эркектерди тез чарчатат.

Күйөөңүздүн көңүлүн табуу үчүн, башкысы, чындап жакшы көрүңүз!