Торутаев Алтынбек Элимович — өмүр баяны

6 августа 2019 Торутаев Алтынбек Элимович — өмүр баяны

Алтынбек Торутаев 1977-жылы 26-июлда төрөлгөн.

Билими:

1994 – 1998 — Чүй университетин экономика багыты боюнча "Бажы иши" адистигин аяктаган.

2004 – 2007 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "Финансы жана кредит" адистиги боюнча магистратураны бүтүргөн.

Эмгек жолу:

09.2000 – 03.2001 — Ош шаары боюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын Салыктарды жана төлөмдөрдү жыйноону контролдоо бөлүмүнүн инспектору;

01.2003 – 03.2006 — Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин Тармактык саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

03.2006 – 08.2007 — Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелерди түзүү саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

08.2007 – 06.2010 — Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы төлөмдөрү башкармалыгынын улук инспектору;

06.2010 – 02.2011 — Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы төлөмдөрү башкармалыгынын башкы инспектору;

02.2011 – 08.2014 — Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы төлөмдөрү башкармалыгынын башчысынын орун басары;

08.2014 – 04.2015 — Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысынын орун басары;

08.2015 – 04.2016 — Мамлекеттик бажы кызматынын "Ош" бажысынын башчысы;

04.2016 – 12.2017 — Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;

12.2017 – 08.2018 — Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы төлөмдөрү башкармалыгынын башчысы;

08.2018 – 05.08.2019 — Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;

2019-жылдын 5-августунан тарта Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы.

sputnik.kg