Бай колукту күйөөсүн үй-бүлөсү менен кошо “сатып алды”

8 ноября 2018 Бай колукту күйөөсүн үй-бүлөсү менен кошо “сатып алды”

Кытайда 38 жаштагы бай аял 23 жаштагы жигитке турмушка чыкты. Колукту жубайын үй-бүлөсү менен кошо “сатып алган” деп Bigpicture сайтыкабарлайт.

Жаңы келин өз энесинен, башкача айтканда күйөө баланын апасынан бир жаш кичүү. Ошондой эле, анын мурунку күйөөсүнөн 14 жаштагы уулу бар.

Кээ бир маалыматтарга таянсак, колукту мурунку күйөөсү менен кездешип жүрүп боюнда болуп калат. Ошондон кийин мыйзамдуу түрдө никелерин бекитүүгө аргасыз болгон.

Башында 23 жаштагы жигиттин ата-энеси уулунун өзүнөн бир нече жаш улуу аялга үйлөнүүгө каршы болушкан. Бирок, келини болочок жары үчүн 100 миң доллар жана Ferrari автоунаасын бергенден кийин, кайын журту аны кучак жая жылуу кабыл алганы белгилүү болот.

Белгилей кетсек, колукту өз өлкөсүндө абдан бай аялдардын бири болуп саналат. Ал тургай, той сүрөттөрүнөн эле анын канчалаган алтын буюмдар менен жасанып алганын байкоого болот.