Улуу сүйүүмдү жоготуп кетип баратам...

3 августа 2019 Улуу сүйүүмдү жоготуп кетип баратам...

Узун жолдо унчугушпай кетип бараттык. Бул жол бүткөн жерден экөөбүз эки башка жолго түшөбүз. Мына бир нече минуталардан соң жолдордун, тагдырлардын, бир кездеги бактылуу түгөйлөрдүн ажыроосу. Биз эми эч качан ал күндөргө бара албайбыз. Балким жарык дүйнөгө экинчи ирет жаралып, мурдагы күндөргө кайтып барбасак эми артка кайталбайбыз. Ичибизден ич майыбызды жеп, экөөбүз тең эзилип келе жатканыбызды байкап келе жаттык. 


Жолдор бөлүндү. Экөөбүз эки тарапка кеттик. Өзүмдү аябадым. Сени аяп бараттым. Өзүм көп азапты жиреп өтүп жүрүп баардык кыйынчылыка, азапка көнүп калгандаймын. Бул күндөрдү да өткөрөм. Бул кайгылуу күндөр да артта калат. А сенчи, ушул оор айрылууну көтөрүп, мындан ары бактылуу жашап кете аласыңбы? Мүңкүрөп калбайсыңбы, жашоодон сынып калбайсыңбы? Дүркүрөп өсүп келе жаткан чынар терек жашоонун катуу шамалына сынып түшпөйбү (?) деп корком. 


Экөөбүз алыста иштеп жүрүп, алыстан табыштык. Бороонго, караңгыга калып кыйналып, издеп жүрүп баалуу нерсесин тапкандай болуп бири-бирибизди тапканбыз. Ооба бирок сенден кичинекей, сенден жаш болсом да бир турмушту көргөн, бир эшикти ачкан, бешик түрткөн жубан элем. Башынан эле ата-энең экөөбүздүн никебизге каршы чыгышты. Ага болбой мени айылыңа алып барып, ак никелүү жарың кылып алдың. “Бара-бара баары унутулат” дедиң. Унутулбады. Жакшы эле чыдап жашадык. Бирок болбоду. Чыдай албай калдым. Албетте, сен ата-энеңдин сөзүн угүшуң керек. Сен эмес мен да буга макулмун. 
Жалгыз баратам. Улуу сүйүүмдү жоготуп баратам. Сыздап-боздоп баратам. Ошентип, менин жарык дүйнөдөгү жашоомдун дагы бир бөлүгү акырына чыккансыды. Кайрадан жашоомдун жаңы барагы ачылат. Бирок жакшы күндөрдүн баары артта калды...

 

Aryba.kg