Бала кезим. Беш-алты жаштардагы убагым эле. Ал кездери эски кабаттуу үйлөрдүн биринде жашачубуз. Өзүм теңдүү балдар менен кубалашып ойноп жүргөм. Бир убакта сырттагы ажаткананын тегерегине кошуналар чогулуп калышты. Чогулган элдин артынан заматта “тез жардам”, анан милициянын уңулдаган машиналары жетип келишти. Чогулган элдин арасынан апамдын да караанын көрүп, ал үймөлөктөшкөн топко мен дагы барып кошулдум. Ак шейшепке оролгон Асылгүл эже кармап турган ымыркайга баары кызыгуу менен карап турушту. Ымыркай алсыз ыңаалап жатты. Көрсө, ал ымыркайды белгисиз бирөө ажатканага төрөп таштап кетиптир.
Кошуналардын баары жакаларын карманып, сөз кылып жатканын баамдадым. Кошунабыз Асылгүл эже ымыркайды көтөрүп “тез жардам” менен алып кетишти. Асылгүл эже менен күйөөсү Байтур байке экөө тең аябай жакшы адамдар. “Баш кошкондоруна беш жылдай болуптур, бирок бечаралар балалуу болбой жүрүшөт” деп апам кейип айтып калчу. Ташталган ымыркайды биринчи Асылгүл эже байкап калып, кошуналарга айтып чыйпалактап куткарып алганча шашыптыр. Документтерин тууралап, ал ымыркайды Асылгүл эжелер багып алышты. Бул кыздын артынан уулдуу болушту. Бактылуу өмүр кечирип жатышты.
Биз болсо жаңы көп кабаттуу үйдөн үй алып, көчүп кеттик. Арадан билинбей жыйырма жылдай убакыт өтүптүр. Бир күнү азык-түлүк алуу үчүн чоң дүкөндөрдүн бирине кайрылып калдык. Апам бейтааныш бир эжеге жолугуп, жакын адамындай кучакташып көрүшүп, ал-жай сурашып жатты. Жанында периштедей супсулуу бойго жеткен кыз туруптур.
Бейтааныш эже мени карап, “бул Азатпы? Зыңкыйган жигит болгон турбайбы, ананайын десе!” деп бетимден өптү. “Бул менин кызым Айсулуу” деп жанындагы кыз менен тааныштырды. Апам дагы жетине албай Айсулуунун бетинен өөп, “Азат, тааныган жоксуңбу, бул Асылгүл эжең, көп жыл жакшы кошуна болбодукпу?” деп телефон номерлерин алышып жатты. Биз коштошуп узагандан кийин апам “бечара бул баягы ажатканадагы таап алган кызы. Сулуу, акылдуу кыз болуптур” деп сүйлөнүп да, кобуранып, кубанып да баратты.
Ак шейшепке оролгон ымыркай эсиме түштү. Үйлөнүүгө ылайыктуу кыз таппай жүргөм. Айсулууга көзүм түштү. Апам экөөбүздүн оюбуз бир жерден чыкты. Айсулууга сөйкө салып, ак никелүү жар кылып алдым. Азыр уул-кыздуу болдук. Бизден өткөн бактылуу үй-бүлө жок. Ата-энелерибиз да ынтымактуу кудалардан болушту. Бир гана Айсулуу чыныгы апасы ажатканага төрөп таштап кеткенин билбейт. Билсе да азыр эки баланын энеси болду. Баарын акыл менен кабыл аларын ойлойм. Ошол ажатканадагы ымыркай аман калып, менин балдарымдын апасы болуп отурганына кубанам...
АЗАТ, Бишкек шаары
Aryba.kg