Боюнда бар аял өзүнө гана көңүл буруп калгандыктан, күйөөсүнө токол алып берди

2 августа 2019 Боюнда бар аял өзүнө гана көңүл буруп калгандыктан, күйөөсүнө токол алып берди

Анткени, аял акыркы күндөрү өзүнө гана көңүл буруп, күйөөсүн анча карай албай жүргөн.

Малазиялык аял кош бойлуу болгондон кийин күйөөсүнө кам көрө албай жүргөн. Буга күйөөсү нараазы болуп жүргөнүн байкаган. Акылдуу аял чуу чыгарбай, үйүндөгү адам санын толуктоону туура көргөн. Ошентип, Хузатул Атика экинчи аял алып берип, күйөөсүнүн көңүлүн көтөргөн.

“Анын көңүлү жок жүргөнү мага да ыңгайсыздык жаратты. Эгер мындай улана берсе, күйөөмө кам көрө турган адам болбойт экендигин билип, мен ага аял издөөгө кириштим. Мен ушундай чечимге келдим”, - дейт Хузатул Атика.

Хузатул Атика күйөөсүнө экинчи аял катары 2018-жылы интернеттен таанышкан жалгыз бой аял Нур Фатонаны тандаган. Бирок, Нур Фатона башында макул болбой, башка күйөөгө чыкпайт экенин айткан. Деген менен Хузатул Атика жалгыз бой энени күйөөсүнө экинчи аял болууга көндүргөн.

Азыркы учурда үй-бүлө чогуу жашап жатат.