Өч алышы мүмкүн. Адвокат Салянованын операциядан эмнеге баш тартканын айтты

2 августа 2019 Өч алышы мүмкүн. Адвокат Салянованын операциядан эмнеге баш тартканын айтты

Аида Салянова Кыргызстанда операция жасатуудан баш тарткан. Анын адвокаты буга эки себеп бар экенин айтты.

Экс-прокурор Аида Салянова өч алуу кооптуулугу күч болгондуктан Кыргызстанда операция жасатуудан баш тартты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга анын жактоочусу Рабига Садыкова билдирди.

Буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Салянованын абалы салыштырмалуу туруктуу экенин, Бишкектеги №1 тергөө абагында дарыгерлеринин көзөмөлүндө турганын кабарлаган. Экс-прокурор өзү Кыргызстанда операция жасатуудан баш тартканын айткан. 

Ал эми адвокаттын айтымында, Салянованын жүрөгүнүн эки жеринде тешиги бар, ага абакта жатуу оор. Тез арада ооруканага жаткыруу зарылчылыгы жаралды, бирок ЖАМКтын дарыгерлери операция жасоону сунуштап жатат.

"Операциядан биз баш тартпайбыз, бирок ага шарт коюлбашы керек. Биз операция эмес, ооруканага жаткырууну айттык, эми хирургиялык иштерге алдын ала даярдануу керек да. Салянова Кыргызстанда операция жасатууну каалабай жатат. Мен дагы аны бул жерден жасатпоону сунуштап жатам. Себеби бул жакта андан өч алууну каалаган акчалуу коррупционерлер, таанышы барлар көп", — деди жактоочу.

Белгилей кетсек, Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 5-июнда камакка алынган. 15-июнда ден соолугуна байланыштуу Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилген. Дарыгерлер консилиумдан кийин "Салянова ооруканада болушу керек" деген чечим чыгарып, анын жүрөк-кан тамыр илдеттери менен жабыркай турганын маалымдашкан.

29-июнда ооруканадан №1 тергөө абагына кайрадан которулган. Салянова Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин тергөө абагында калтырылган.

Спутник Кыргызстан