Абдыкалык Рустамов менен жардамчысы эки айга камалды

2 августа 2019 Абдыкалык Рустамов менен жардамчысы эки айга камалды

Аткаминерлер пара алып жаткан жеринен кармалган болчу.

Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов менен жардамчысы УКМКнын тергөө абагына эки айга - 1-октябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.

Рустамов менен жардамчысы 31-июлда пара алып жаткан жеринен кармалган болчу. УКМК кийин аткаминерлерди кармоо учурунда тартылган видеону жарыялаган.

Кармалган кызматкерлер чет элдик жаранга Ананьево айылындагы Ысык-Көл токой чарбасынын жер фондунан беш гектар жер берүү маселесин оң жагынан чечип берүү үчүн пара талап кылышкан. Аларды тинтүү учурунда ар биринин жанынан 1000 доллардан чыккан.

Спутник Кыргызстан