Белгилүү Nokia 3310 кайрадан сатыкка чыкты

8 ноября 2018 Белгилүү Nokia 3310 кайрадан сатыкка чыкты

Финдик HMD Global компаниясы Nokia 3310 уюлдук телефондорунун жаңы нускаларын кайра чыгарды.  Аталган телефондорго 4G, Wi-Fi орнотулат, деп кабарлайт lenta.ru сайты кабарлайт.

2017-жыл менен салыштырганда, телефондун сырткы формасы чоңойтулган. Ал эми башка бөлүгү өзгөрүүсүз калды: экраны 2,4 дюйм, 320х240 пиксел, Micro-SIM карта салынат, кошумча картанын эстутуму – 64 гигабайт, ал эми өзүнүн эстутуму 256 же 512 мегабайт.Аккумулятору 5 саат үзгүлтүксүз жана 12 саат күтүү режиминде иштейт.

Мындай телефондор бир гана Кытайда сатылат. Азыркы убакта анын баасы айтыла элек. Барселонада февраль айынын соңунда өтө турган MWC 2018 көргөзмөсүндө HMD Global ушул телефондордун сатуу тууралуу кабар күтүлүүдө.

Nokia 3310 2000-жылдын акыркы айларында чыкты. Ошол убактан бери аталган уюлдук телефондун 126 миллиону сатылды.