Өрт саат 23:10до чектөөгө алынганы кабарланды.
Ош шаарындагы Red Petroleum май куюучу жайында чыккан өрттүн болжолдуу себеби белгилүү болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Нурбек Баймуратов өрт биринчи май ташыган унаадан чыкканын билдирди.
"10 тонналык бензовоз станцияга май куюп жатканда өрт чыгып, унаа жарылып кеткен. Жерине келген өрт өчүрүүчүлөр көбүк чачып, саат 23.10до жалын чектөөгө алынды. Бактыга жараша, май сактаган цистерналарына өрт жеткен жок. Станциянын өзүндө жарылуу болгон эмес", — деди Баймуратов.
Жабыркагандар боюнча азырынча так маалымат жок.
Тез жардам унаасы өрт кырсыгы болгон жерге барган, бирок эч ким кайрылбаганын 103 кызматынан билдиришти.
Аталган май куюучу жай Ак-Тилек кичирайонундагы Мамыров көчөсүндө жайгашкан. Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм тартылганы айтылат.