37 жыл сактаган: муздаткычтан наристенин денеси табылды

31 июля 2019 37 жыл сактаган: муздаткычтан наристенин денеси табылды

Муздаткычтан тоңдурулган наристенин денеси табылган.

Американын Миссури штатынын Сент-Луис шаарында турган аял неристенин денесин муздаткычта 37 жыл бою сактап келген.

37 жаштагы Адам Смит энесинин бул сырын энеси көз жумган кезде билген. Энесинин бөлмөсүн жыйнап жатып, муздаткычтын ичинен кичинекей таңгак таап алган.

“Мен 37 жаштамын. Ушунча жылдан бери таңгак муздаткычта болгон. Мага таттууларды салган коробка дечү. Бөбөктүн териси, чачы гана калган. Ал мумияга болуп калган”, - дейт Адам Смит.

Адам Смит баарын кайра ордуна коюп, полиция чакырган. Наристенин ким экендиги али аныктала элек. ДНК бөбөктүн Смитке туугандыык байланышы бар, же жок экендигин аныктайт. Энесинин эчак дүйнөдөн өткөн бала тууралуу айткандары Адам Смиттин эсинде бар. Туугандары болсо эгиздер тууралуу сөз кылып, бири учуп калган, экинчисин башка бирөөлөр багып деп ойлошчу.

“Энем көз жумар алдында жазган катында бул таарлуу айткан эмес. Ага караганда, баланы өзү кокустан өлтүрүп алып, баарынан жашырып жүргөн сыяктанат”, - деп ойлойт Смит.