520 миң доллар пара менен кармалган министрдин орун басарына өкүм чыкты

31 июля 2019 520 миң доллар пара менен кармалган министрдин орун басарына өкүм чыкты

Транспорт министринин экс-орун басары жол куруу боюнча тендерден уткан компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга шектелип кармалган.

"Пара алды" деген шек менен кармалган транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевди Биринчи Май райондук соту 14 жылга эркинен ажыратты.

Ал эми жең ичинен сүйлөшүүнү уюштурду делген Б.Т. аттуу жаран 6 жылга кесилди. 

Тендерден уткан Todini Costruzioni Generali Company компаниянын Жусубалиев менен кошо кармалган Б.Г. аттуу кызматкерине 2 миллион сом айып пул салынып, сот залынан бошотулду.

Мурунку аткаминердин адвокаты Жыргалбек Бабаев соттун өкүмүнө макул эместигин билдирип, шаардык сотко кайрыларын айтты.

Жусубалиев буга чейин акыркы сөзүн айтып, күнөөлүү эмес экенин билдирген болчу.

Эскерте кетсек, Азимкан Жусубалиев жол куруу боюнча өткөн тендерде чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашкан деп 2018-жылдын 5-декабрында кармалган. Жусубалиев акчанын 50 миң долларын алып жатканда УКМК колго түшүргөн. Аткаминер андан мурдараак 120 миң долларын алганы, калганы кийинки жумада колуна тиймектиги айтылган.

Бул ишке байланыштуу ошондогу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов президент Сооронбай Жээнбековдон жеме угуп, иштен кетүүгө аргасыз болгон. 

Спутник Кыргызстан