Американын тургуну "тааныш аялынын мээсин жеген" деп айыпталууда

30 июля 2019 Американын тургуну "тааныш аялынын мээсин жеген" деп айыпталууда

Кылмыш иши 2014-жылы болгон. 46 жаштагы Тэмми Жо Блантондун сөөгү үйүндөгү ваннадан табылган.

Американын Индиана штатынын тургуну Жозеф Берхансли тааныш болуп, катташып жүргөн аялды өлтүрүп, анын мээсин жеген деп айыпталууда. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы билдирди.

Ал андан тышкары маркумдун жүрөгүнүн жарымы менен өпкөсүн да жегени айтылууда.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши 2014-жылы болгон. 46 жаштагы Тэмми Жо Блантондун сөөгү үйүндөгү ваннадан табылган. Анын денеси учтуу нерселер менен сайгыланып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү сөөктүн жанынан мээни, таштанды челектен көмөч казанды жана канга боёлгон кагаздарды тапкан. Полиция шектүү катары 38 жаштагы Жозеф Оберханслини кармаган. Алгач ал жасагандарын моюндап, бирок кийин айткандарынан баш тарткан. Ал дос кызы көп ичип, бузукулар менен жолугушуп жүргөнүн айткан.

Оберхансли буга чейин да 17 жаштагы көңүлдөшүн өлтүргөн деп айыпталып, түрмөгө отуруп чыккан. Андан сырткары, энеси менен карындашына да ок чыгарганы айтылат. Эми ал өмүр бою абакка кесилет. Сот иштери 19-августта башталат.

Спутник Кыргызстан