Эми алимент төлөөдөн качкандардын сүрөтү жарыяланат

30 июля 2019 Эми алимент төлөөдөн качкандардын сүрөтү жарыяланат

Тийиштүү мыйзам 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргызстанда алимент төлөөдөн баш тартып издөөдө жүргөндөрдүн сүрөтүн жана жеке маалыматтарын жарыялоо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жогорку Кеңеш тарабынан 26-июнда кабыл алынган мыйзамга өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Ал өлкөдөгү эне жана баланы коргоого багытталганы айтылат.

Билдирүүгө ылайык, бул үчүн качып жүргөн алиментчилердин электрондук базасы түзүлмөкчү. Эгер ал таптырбай жүргөн болсо, үстүнөн жазылган арыздын негизинде анын сүрөтү менен маалыматтары Сот департаментинин сайтына жарыяланат.

Карызынан толук кутулгандан кийин сот аткаруучунун демилгеси менен аталган жаран тууралуу маалыматтар базадан өчүрүлөт.

Тийиштүү мыйзам 10 күндөн кийин күчүнө кирери белгилүү болду.

Cпутник Кыргызстан