Атасы унаада сегиз саатка калтырып кеткен эгиз балдар көз жумду

29 июля 2019 Атасы унаада сегиз саатка калтырып кеткен эгиз балдар көз жумду

АКШда сегиз саатка унаада калган Луна менен Финикс аттуу эгиздер көз жумду. Атасы балдарды күндүн ысыгына карабай унаага калтырып кеткен.

Атасы унаада балдары жок деп ойлогон. Үй-бүлөнү тааныгандар атасы балдарын абдан жакшы көргөнүн айтышат.  

39 жаштагы балдардын атасы социалдык кызматкер болуп иштейт эле. Ал жумуша келип, унаасын кулпулап, унаа токтотуучу жайга таштап кетет. Ал балдарын бала бакчага алып барып таштадым деп ойлогон.

“Мен аларды жумушка барар алдында бала бакчага таштадым деп ойлодум эле. Эми өзүмдү коёрго жай таппай атам. Менин балдарым көз жумду, мен балдарымды өзүм өлтүрүп алдым”, - дейт кайгыга муунган ата.

Балдардын атасы соттолуп, 100 миң доллар айыппул төлөөгө милдеттендирилген. Сот отурумунда ыйлап, болгон окуяны айтып берген. Ага “Байкабай адам өлтүрүү” жана “Байкабай адам өлтүрүүнүн себептери” беренеси боюнча эки айып тагылган. Эгиздерден тышкары үй-бүлөдө дагы 4 жаштагы бала бар.

Соттон чыккандан кийин балдардын атасын тааныштары менен үй-бүлөсү тосуп алып, аны колдоорун билдиришкен.