Мурдагы президент 24-июлда түштөн кийин Москвага учуп кеткен болчу.
Алмазбек Атамбаев 25-июлда кечке жуук Москвадан ЖККУнун Канттагы авиабазасына келип конду. Аны тарапташтары авиабазанын чыга беришинен тосуп алды.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысынын жеринен билдиришинче, тосуп келгендердин айрымдары колдоруна желек кармап алышкан. Андан сырткары, 70-80дей автоунаа да келген.
Алмазбек Атамбаевге журналисттер "Жол кирени ким төлөп берди?" деген суроо узатышты.
"Мени атайын чакырышкан. Жол кире канча болгонун ошол чакырган тараптан сураш керек. Биз бир да тыйын төлөгөн жокпуз", — деди ал.
Атамбаев Россия тараптан буга чейин бир нече ирет чакыруу болгондугун айтты.
"Мени бир эмес, бир нече ирет чакырышты. Оптонуп барбай койсом болбойт эле да", — деп айтты ал сөз арасында.
Эске салсак, Атамбаев атайын жиберилген учак менен барып келди. Аны айрым депутаттар менен тарапташтары коштоп барган.