25 июля 2019
Россияда балдар лагеринде чыккан өрттө күйүп калган бала көз жумду. Ал комада жаткан эле.
Ири өрт шейшемби күнү Россиянын Хабаровск крайындагы “Холдоми” балдар лагеринде болгон. 26 чатырдын 20сы рттөнүп кеткен. Өрт 240 чарчы метрди кучагына алган.
Өрттөн 4 бала көз жумганы айтылат. 12 киши жаракат алган, алардын ичинен жетөө жаш балдар. Учурда лагердин жетекчилери учурда сурак берип жатышат.
Кылмыш кодексинин “Байкабастыктан өлүмгө алып келүү” жана “Коопсуздук талаптарына шайкеш келбеген кызамт көрсөтүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул окуяга жылытуучу каражаттар себеп болгон.