Борбордук Азиянын экономикалык тегиздигинде интеграциялык долбоорлорду кантип айкалыштырууга болот?

25 июля 2019 Борбордук Азиянын экономикалык тегиздигинде интеграциялык долбоорлорду кантип айкалыштырууга болот?

Азыркы Борбордук Азияда бир эле учурда бир нече интеграциялык долбоорлор бар, аларда негизги жана маанилүү басым биргелешкен экеономикалык өз аракетткерге жана бирге өнүгүүгө жасалат.

Бул багыттагы негизги долбоор болуп, албетте, орусиялык ЕАЭБ жана Кытайдын “Бир алкак – бир жол” демилгеси саналат (акырыксынын курамында Борбордук Азияга түздөн-түз анын эки маанилүү бөлүгүнүн бири болгон – “Жибек жолунун экономикалык алкагы” тиешелүү), булар бир гана биздин регион үчүн багытталбаган болсо дагы, алар үчүн маанилүү орун бөлүнгөн. Анын үстүнө, кытай стратегиясында Борбордук Азия Жибек жолунун экономикалык алкагын ишке ашырууда маанилүү транзиттик региондордун бири катары катышат. Эгер Кытай демилгесине региондун дээрлик бардык мамлекеттери кошулса, ЕАЭБге Казакстан менен Кыргызстан гана кирген жана регионалдык деңгээлде бул уюмдун кеңейүү келечеги азырынча чоң суроо алдында турат. Кытай Борбордук Азияда Орусиянын жалпысынан экономикалык интеграциясын ишке ашыруусунда айрым толкоолдуктарды түзүп келет, анткен менен бул натыйжаны нивелирлөө механизмдери иштелип чыгууда.

Регионалдык мааниде андан кем эмес маанилүү орунда АКШнын “Чоң Борбордук Азия” долбоору ээлейт. Акыркысы мурункуларынан айырмаланып биздин регионго багытталган, бирок аны кыйла кеңейтилген вариантта карайт, анын курамына региондогу азыркы беш мамлекеттен тышкары коңшу Ооганстанды кошот. Анда маанилүү орунду АКШ менен эле эмес, Евразиялык континенттин башка өлкөлөрү менен дагы соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүүгө багытталган экономкалык түзүм ээлейт.

2019-жылы Европа Биримдигинин Борбордук Азия мамлекеттерине карата – “ЕБ жана Борбордук Азия: күчтүү өнөктөштүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр” деген аталышта стратегияны жаңылоо жүрүп жатат. Анда башка курамдык компонентер менен катар экономикалык чөйрөдө ЕБ менен Борбордук Азиянын ортосундагы кызматташтыкка маанилүү орун бөлүнгөн. Региондун беш мамалекети менен базалык деңгээлде өз ара кызматташууну карып чыгып европалык саясатчылар ага кошумча Ооганстанды кошууга ыкташканы көңүл бурдурат. 

Башка кыйла көрүнүктүү регион менен кайсы бир деңгээлде байланышы бар экономикалык долбоорлордон ичинен Индиянын “Түндүк-Түштүк транспорттук коридорун” айтууга болот. Анткен менен, мында негизги багыттар Борбордук Азияны айланып, Иран аркылуу өтсө дагы, бирок аталаган региондо экономикалык кызыкчылыктардын өсүүсү менен, Дели анын курамына борбордук азяи багытын кошуу боюнча позицияны иштеп чыгууда. Ошондуктан, муну азыркы баскычта эске албай коюуга болбойт.

Ошентип, Борбордук азияда азыркы учурда бир нече интеграциялык долбоорлор айкалышып иштеп жатат, алар түз же кыйыр түрдө экономикалык интеграцияга багытталган. Кандай болгон күндө да, дароо эле айтып кете турган нерсе экономикалык түзүмү геосаясий түзүм менн эриш-аркак жүрөт, ошондуктан, соода, финансылык жана инвестициялык кызматташтыкты бекемдөө менен катар демократияны бекемдөө, терроризм жана башка коркунучтар менен күрөшүү менен байланышкан белгилүү бир максаттар коюлат. Бул турган нерсе, анткени ири экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу саясий туруктуулукту болжолдойт. 

Бирок, дал ушул геосаясий түзүм бир жагынан жогоруда аталган долбоорлорду айкалыштырууда айрым кыйынчылыктарды түзөт, бирок ошол эле учурда аларды айкалыштырууда маанилүү фактор болушу мүмкүн. Мисалы, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчөлүк бир эле учурда Орусия менен Кытайга ЕАЭБ менен “Бир алкак – бир жол” долбоорун айкалыштыруу боюнча диалогду өстүрүүгө шарт түзүп берет. Же болбосо, Орусия, Кытай жана Индиянын БРИКС сыяктуу уюмдун алкагында кызматташуусу дагы Борбордук Азиянын аймагында экономикалык чөйрөдө өз ара аракеттешүүнү өстүрүү үчүн маанилүү негиз болуп берет. Бирок, ошол эле учурда Орусия менен АКШнын ортосундагы глобалдык мүнөзгө айланып бараткан саясий карама-каршылык алар менен биздин региондун ортосундагы өз ара ийгиликтүү аракеттешүү үчүн тоскоолдук жаратып жатат. Анткени, орусиялык жана америкалык долбоорлор региондун алкагында ар тараптуу мүнөздү алып жүрөт. Ошондуктан, күн тартибине Борбордук Азиянын алкагында экономикалык мейкиндиктеги маанилүү интгерациялык долбоорлорду региондун мамлекттери аларды ишке ашыруудан көбүрөөк пайда таба ала тургандай кылып кантип айкалыштуруу керек деген көйгөй чыгып жатат.

Борбордук Азиянын мейкиндигинде көпчүлүк жогоруда саналган долбоорлорду айкалыштыруунун салыштырмалуу келечектүү багыты болуп аларды инфра түзүмдүк мамиледе айкалыштыруу саналат. Биринчи кезекте бул транспорттук тутумга тиешелүү, ал Борбордук Азия аркылуу Евразиянын бир катар региондорун кошмок. Бул жаатта Кытай менен Батыш Европаны байланыштырган трансевразиялык транспорттук магистралдарды түзүү мүмкүнчүлүгү чоң мааниге ээ болот. Акыркы учурда дал ушул максат Пекин тарабынан “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында “Жибек жолунун экономикалык алкагын” активдүү ишке ашыруу жолунда коюулуп жатат. анын алкагында Кытай Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жол-транспорттук инфра түзүмүн өнүктүрүүдө маанилүү аракеттерди көрүп жатат. акыркы бир нече жылда Алма-Ата – Хоргос темир жолу калыбына келтирилген. Ал иш жүзүндө Казакстан менен Кытайдын темир жол тармактарын бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берди; Кыргызстан менен Тажикстандын негизги авто жол магистралдары калыбына келтирилди, ошондой эле азыркы учурда Кытайдын жол системасына кошулган. Кытай Кыргызстандын түштүк бөлүгү аркылуу региондун башка мамлекеттерине – Өзбекстан менен Түркмөнстанга чыга ала турган дагы бир темир жол магистралынын курулуш долбоорун иштеп чыгууну улантууда. Ал жол аркылуу Жакынкы Чыгышка жана Европага барууга болот. Пекиндин планына ылайык бул заманбап жогорку ылдамдыктагы темир жол болушу мүмкүн.

Жибек жолунун экономикалык алкагын ишке ашыруунун акыркы максаты Кытайды Батыш Европа өлкөлөрү менен кошуу болуп саналагандыгын эске алганда Борбордук Азияда транспорттук инфра түзүмдү өнүктүрүү ЕБ тараптан колдоо таап жатат, ЕБнын Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуу стратегиясында аны жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүүгө көрүнүктүү орун бөлүнгөн. Ошондуктан, бул мааниде батыш европалык мамлекеттердин жана Кытайдын максаттары дал келет. ЕБ кытай товарларын жеткирүүгө кытай сыяктуу эле кызыктар. Европалык жана кытайлы долбоорлордун өз ара аракеттешүүсүнүн алкагында Борбордук Азиянын инфра түзүмүн өнүктүрүү боюнча аракеттерди синхрондоштуруу багытында бир катар конкреттүү кадамдар жасалды. Тактап айтканда, Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен (ЕРӨБ) Кытай өнүктүрүү банкынын, ошондой эле Азиялык инфра түзүмдүк инвестициялар банкынын (АИИБ) ортосунда инфра түзүмдүк долбоорлорду макулдашуу процесстери иштеп жатат. Кытайдын жетекчилиги астында АИИБнын мүчөлөрү болуп Борбордук Азиянын дээрлик бар өлкөлөрү (Түркмөнстанды кошпогондо) гана эмес, Орусия менен Индия дагы саналат. Бул келечекте тигил же бул деңгээлде жол-транспорттук инфра түзүмдү өнүктүрүү боюнча колдоону түшүндүрөт.

Кандай болгон күндө да, дароо айта кетүү керек, Орусия ЖЖЭКнын алкагында Орусия Борбордук Азия аркылуу өзүнүн аймагын айланып өтүү менен салынып жаткан транспорттук маршруттарга анчалык кызыгуусун арттырбайт. Анткени, мындай болгон учурда ал кытай товарларынын продукциясынын Транссибирь магистралы боюнча транзиттен жана кайсы бир бөлүгүндө Европа өлкөлөрүнөн Кытайга болгон товар агымынан түшкөн маанилүү экономикалык кирешени жоготот. Орусия тарабынан колдоого алынган минималдуу вариант болуп Казакстандын аймагы аркылуу жогоруда айтылган ушул өлкөнүн жана Кытайдын темир жолдорун байланыштырган темир жол магистралы менен товар ташуу, андан ары Орусияга чыгуу мүмкүнчүлүгү саналат. Ошондуктан, мындай маршруттун иштөөсүнүн сакталышында Борбордук Азия регионунун инфра түзүмүн өнүктүрүү мамилелеринде кытай, европа жана орусиялык айкалышуу жөнүндө сөз кылууга болот. 

Кантсе да, жалпы экономикалык кызматташтыкта Кытай менен Орусиянын мамилелерин координациялоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Жана да региондо инфра түзүмдү өнүктүрүү маселелерин аталган мааниде айланып өтүүгө болбойт. 2015-жылдан тарып ЕАЭБ менен ЖЖЭАнын ортосунда институттук деңгээлде кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок, алар абдан жай жүргүзүлүп жатат, анмын мыйзам ченемдүү жыйынтык чгарууга болот. Айкалыштыруу чекиттерин тапкан учурда деле орусиянын аймагынан айланып өткөн транспорттук магистралдарды куруу жөүндө өтө оорулуу маселе бар, бул Москвага жакпайт жана бул кызматташтыкты жөнгө салууну токтотуп турат. Ошондуктан, жакынкы келечекте Кытайдан Борбордук Азия аркылуу Иранга, анын портторуна же андан ары – Жакынкы Чыгышка жана Европага бере турган жогорку ылдамдыктагы темир жол магистралын куруу келечеги башталбай калышы мүмкүн. Бул жерде кошумча терс фактор болуп Пекиндин КМШ өлкөлөрүндө кабыл алынган стандарттардан айырмаланган өзгөчөлүктөр боюнча ооз ачпагандыгы, ошондой эле региондун өлкөлөрүнүн өздөрүнүн экономикасынын керектөөсү үчүн аталган магистралды колдонуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу саналат. Анткен менен, аталган маселени дипломатиялык жол менен Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн белгилүү бир пайда менен толук чечүүгө болот. Ушуга байланыштуу региондун өлкөлөрү кытай демилгесинин жана европалык долбоордун алкагында, ошондой эле бул маселеде ЕАЭБ аркылуу регионду сүрөгөн Орусиянын позициясы жумшарган шартта транспорттук инфра түзүмдү өнүктүрүүгө болгон кадамдарды айкалыштыруудан аз эмес экономикалык дивиденддерге ээ боло алары көрүнүп турат. Анткени, так Кыргызстандын – аталган уюмдун мүчөсү - аймагы аркылуу кытай темир жол маистралынын салыштырмалуу келечектүү жолу өтөт.

Жол-траспорттук инфра түзүмдү өнүктүрүү үчүн кошумча оң фактор болуп аталган багытта ЖЖЭА менен индиянын “Түндүк-Түштүк транспорттук коридору” долбоорун синхрондоштуруу болушу мүмкүн. Бирок аталган учурда бул бир катар терс майда-бараттар менен ырбап кетет: Кытай менен Делинин ортосундагы чечилбеген чек ара маселелеринин мезгил-мезгили менен курчушу, Ооганстандагы кырдаалдын татаалданышы, ал аркылуу транспорттук тутумдарды жолго салып алууга болмок, ошондой эле Евразияда ушул өлкөлөр ортосундагы ачык көрүнүп турган эхкономикалык атаандаштык (бул тууралуу 2016-жыдагы Чабехар макулдашуусу айтып турат). Ошондуктан, Индиянын Борбордук Азия мамлекеттери, деги эле Евразия континентинин башка региондору менен анын “Түндүк-Түштүк транспорттук коридору” долбоору (Дели учурда муну активдүү алдыга жылдырып жатат) аркылуу экономикалык өнүүүгө жана башка мамилелерге болгон активдүү багыты баарынан мурун кытайдын “Бир алкак – бир жол” демилгеси менен атаандаштыкка түшүшү мүмкүн.

Негизи эле индиялык долбоорду ишке ашырууда Борбордук Азия өлкөлөрү узак мөөнөттүү келечекте экономикалык жактан бар гана утушка ээ болот. Анткени, анын алкагындагы региондун инфра түзүмүнүн өнүгүүсүнө салымдар “чыгыш-батыш” багыты боюнча эле эмес, түштүк багытында дагы транспорттук магистралдарды акырындык менен курууга мүмкүндүк берет. Ошондуктан, индия менен кытайдын долбоорлорунун ортосунда түз айкалышуу жок болсо деле Борбордук Азиянын географиялык абалы маанилүү транзиттик регион катары аларды параллелдүү толук ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Анын үстүнө, Индиянын өзү үчүн келечектүү орусиялык рынокко чыгуу белгилүү бир кзыкчылыкты көздөйт.

Региондо түндүктөн түштүккө карай транспорттук инфра түзүмдү куруу ошондой эле жалпысынан америкалык “Чоң Борбордук Азия” долбоорунун алкагында колдоого алынып жатат. Ал ушул жол менен анын негизи беш мамлекетин Ооганстан менен кошууга, андан ары пакистанга чыгууга аракет кылып жатат. Ошондуктан, Орусия менен болгон санкциялык карама-каршылык жана Кытай менен болгон “соода согушу” шарттарында АКШнын долбоору ЕАЭБ менен ЖЖЭА менен конфронтациялык мүнөздү алып жүрөт. Ошон үчүн, аларды айкалыштыруу анык көрүнүп турган ар тараптуулугу менен көйгөйлүү болуп калат. Негизи, аны индиянын долбоору менен бир бөлүгүн айкалыштруу мүмкүн, бирок андай болгон учурда ушул эки өлкөнүн ортосунда жагымдуу мамиле скталып турушу керек. Анткен менен, албетте, өз алдынча иш алып бурган пакистан фактору белгилүү бир деңгээлде Индиянын кыжырына тийиши мүмкүн.

Ошентип, Борбордук Азия инфра түзүмдүк жаатта сыткы “оюнчулардын” долбоорлорун ишке ашыруудан утушка ээ болушу мүмкүн, трансевразиялык соода шарттарында анын жогорку транзиттик дараметин эске алуу менен, биринчи кезекте – региондун жол-транспорттук тутумун өнүктүрүүдө. Мында, салыштырмалуу аларды айкалыштыруунун эки багыты бар:

  • Салыштырмалуу келечектүү болуп Кытайдын ЖЖЭА долбоорун европалык “ЕБ жана Борбордук Азия: күчтүү өнөктөштүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр” долбоору менен, ошондой эле кайсы бир деңгээлде орусиялык ЕАЭБ долбоору менен айкалыштырууга мүмкүн болот, бирок ал кытай демилгеси Орусиянын аймагы аркылуу өткөн шартында гана макул болот.
  •  Экинчиси анчалык маанисиз, бирок белгилүү бир экономикалык дараметке ээ – бул америкалык “Чоң Борбордук Азия” долбоору менен бир бөлүгүн айкалыштырганда индиянын “Түндүк-Түштүк транспорттук коридору” долбоору.

Мындан тышкары, индиялык долбоорду орусиялык ЕАЭБ менен кайсы бир деңгээлде айкалыштыруу, бул салыштырмалуу пайдалуу вариант болуп калмак, анткени тигил же бул деңгээлде Борбордук Азияда экономикалык багыты бар бардык негизги долбоорлорду байланыштырмак. Бирок, бул көп жагынан узак мөөнөттүү келечекте Ооганстандагы кырдаалдын өнүгүшүнөн көз каранды болот.

Жакынкы мезгилде аталган долбоорлорду потенциалдуу айкалыштыруу шарттарында транспорттук инфра түзүмдүн өнүгүү мүмкүнчүлүгүнөн улам мунун баары көп жагынн борбор азия мамлекеттеринин андан ары соода потенциалынын өнүгүшүнөн көз каранды.

Соода-экономикалык көз караштан алганда азырыкы учурда биздин регион потенциалдуу экспортер катары товарлардын үч кластеринде артыкчылыкка ээ болуп саналат:

  • жылуулук алып жүрүүчүлөр (нефти жана газ)
  • тоо-кен продукциялары (металлдардын артыкчылыктуу)
  • айыл чарба продукциялары (азык-түлүк жана пахта)

Мындан тышкары, азыркы учурда региондун бир катар мамлекеттери (Кыргызстан жана Тажикстан) региондор аралык электр энергиясын ири жеткирүүчү боло ала турган өзгөчөлүгү бар.

Ошондуктан, өздөрүнүн реалдуу экспорттук мүмкүнчүлүктөрүнөн улам Борбордук Азиянын мамлекеттери өздөрүнүн соода мамилелерин регион боюнча коңшулары менен дагы, анын чегинен тышкары дагы түзүүгө аргасыз болуп жатат. Бул жаатта региондун алкагында сыртык интеграциялык долбоорлорду ишке ашыруудагы мүмкүнчүлүктөр көптү үмүттөндүрүп турат.

Кытай салттуу түрдө Борбордук Азия өлкөлөрүнөн экспорттолуучу продукциялардын бардык үч кластерине кызыгуусун арттырып келет. Кандай болгон күндө деле, экспорттук соода балансында салыштырмалуу басым жылуулук алып жүрүүчүлөргө жана пайдалуу казып алууларга, өзгөчө түрдүү металлдарга туура келет. Бирок, акыркы бир нече жылда региондун өлкөрүндө өндүрүлгөн капаттуу айыл чарба продукцияларына кытай керектөөчүлөрүнүн кызыгуусу артып жатат. азыры учурда Кыргызстан жана Казакстан менен жашылча-жемиш жана эт продукцияларын жеткирүү боюнча “жашыл коридор” иштеп жатат. Кыргызстандын балы кытайда чоң суроо-талапка ээ. Мындан тышкары, азыркы учурда Кытайга айыл чарба продукцияларын Тажикстан менен Өзбекстандан жеткирүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Орусияны Борбордук Азиянын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүнүн ичинен айыл чарба продукциялары – бул мөмө-жемиштер, кургатылган жемиштер, жаңгактар ж.б. (Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан), ошондой эле бир катар пайдалуу кендер кызыктырат (негизинен Казакстандын аймагынан). Казакстан менен кызматташтык ЕАЭБдин алкагында жүргүзүүп жатат. Бул уюм Кыргызстандагы жеңил өнөр жайынын өнүгүүсүндө маанилүү фактор болуп калды. Мына ушул себептен улам орусиялык рынокко даяр продукцияны экспорттоо мүмкүнчүлүгү өсүп жатат. коңшу Өзбекстандын текстиль өнөр жайынын продукцияларынын маанилүү үлүшү дагы Орусиянын рыногуна багытталган.

ЕБ өлкөлөрү дагы тоо-кен өнөр жайында өндүрүлгөн продукциялардын маанилүү бөлүгүн катып алат. Бирок, акыркы бир нече жылда аларда Борбордук Азия өлкөлөрүнөн жеткирилүүчү айыл чарба продукцияларынын кадыр-баркы өсүүдө. Алар ЕБга “эко” бренди менен жеткирилет.

Продукциянын акыркы кластерине Индиянын дагы электр энергиясына жана көмүр суутекке болгон сыяктуу эле кызыкчылыгы артып келет. Көмүр суутек жана башка биздин региондо өндүрүлүп алына турган пайдалуу кендерге карата америкалык компаниялар дагы кызыкчылыгын көрсөтүүдө.

Ар бир өлкөнүн товардык керектөөлөрүнөн улам биздин региондо жайылтылып жаткан интеграциялык долбоорлордон борбордук азия өлкөлөрү маанилүү экономикалык дивиденд таба алышат.

Өзгөчө кедечектүү болуп жогорку экологиялык сапаты бар айыл чарба продукцияларынын продукциялары саналат. Аларга жогоруда белгиленген Борбордук Азиянын товарларын региондун сыртынан келип керекчөөчүлөрдүн чоң бөлүгү инвестицияга салууга даяр. Ошондуктан, экономиканын ушул тармагына акырындап инвестицияларды тартуу, ушул кластердеги товарлардын сапатын жогорулатуу, заманбап технологиялар боюнча жарым-жартылай жана толук кайра иштетүү бюджетке маанилүү киреше алып келиши мүмкүн. Анын үстүнө, ушул продукцияга болгон талап Борбордук Азиядагы бардык интеграциялык долбоорлордо каралган. Бул аларды ушул багытта синхрондоштуруунун жогорку деңгнээли үчүн шарт түзөт.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экспорттук дараметин өстүрүүдө маанилүү мүмкүнчүлүк болуп көмүр суутекти чет өлкөгө жеткирүү саналат. Бирок, алар казылып алына турган региондун өлкөлөрүндө – Казакстанда, Өзбекстанда жана Түркмөнстанда нефти менен газдын экспорту көпчүлүк учурда орусиялык өткөрмө түтүктөр тутуму аркылуу ишке ашырылат. Акыркы жылдары гана ушул өлкөлөрдөн газ Кытайга ЖЖЭАнын алкагында жеткирилип жатат (азыркы учурда Кытай менен Түркмөнстанды бириктире турган ири газ өткөргүчү курулуп жатат). акырындык менен Казакстандан Кытайга чийки нефтини жеткирүү дагы өсүп жатат.  

Мунун баары орусия тараптын нараазычылыгын пайда кылып жатат, анткени иш жүзүндө борбор азиянын көмүр суутегин чет өлкөгө жеткирүү чөйрөсүндөгү Орусиянын монополиясын бузат. Бирок, кытаййдын бул ири демилгени ишке ашыруусу ушул кластердеги продукцияны сатуудан пайда алуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет. Ага ошондой эле, ЕБ жана Индия тарабынан Борбордук Азиядагы алардын экономикалык интеграциялык долбоорлорунун чегинде кызыкчылыктар пайда болуп жатат. Кантсе да, ушул жердеги бурдык сырткы “оюнчулардын” демилгелерин жана долбоолорун айкалышат деп күтүүгө болбойт, себеби алардын ар бири борбор азиянын көмүр суутегин пайдалуу баа менен жана туруктуу негизде сатып алууга кызыктар. Бирок, жада калса ушул учурда дагы аларды казып алууну кеңейтүү жана өткөрмө түтүк тутуму боюнча көрүнүктүү сырткы инвестицияларды тартууга болот. Ал өткөрмө түтүктөр бардык мүмкүн болгон багыттар боюнча жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бермек. Бул нефти жана газды сатып өткөрүү рыногун тандоо шартында атаандаштык үчүн жакшы шарт түзүп бермек. Анын негизинде региондун энергетикалык көз карандылыгы эле эмес, азыркыга караганда кыйла жогорку киреше алууну жогорулатмак.    

Борбордук Азия мамлекеттеринде казылып алынган жана жарым-жартылай иштетилген башка пайдалуу кендер тууралуу айта турган болсок, мында Орусия же ЕБ форматы боюнча жарым-жартылай кызматташтуу байкалат. Ошондуктан, чынында эле келечекте ЕАЭБ менен “ЕБ жана Борбордук Азия: күчтүү өнөктөштүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр” долбоорунун айкалышуусун ЕБ тарабынан Орусия Федерациясына карата жарым-жартылай санкциялык режиминин шарттарына карабай күтүүгө болот. Бул Батые Европа өлкөлөрүндөнү өнөктөштөр Орусия менен Каакстанда бир ктар ири тоо-кен казуучу жана металлургиялык корпорацияларга инвертор катары саналгандыгы менен шартталган. Бул багытта кытайдын ЖЖЭА долбоору менен кандайдыр бир реалдуу интеграцияны күтүү бир топ татаалдыкты жаратат, анткени Кытай өзүнүн экономикасы үчүн кыйла арзан тоо-кен сырьёсуна муктаж жана аны иштетүү үчүн өзүнүн жеке дараметине ээ.

Кыргызстан менен Тажикстан электр энергиясын чоң көлөмдө иштеп чыгуу боюнча маанилүү мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп туруп Борбордук Азмянын чегинен тышкары анын ири жеткирүүчүсү болушу мүмкүн. Бул биздин региондо көмүр суутектин запасына ээ болгондорго караганда ушул эки өлкөнү кыйла пайдалуу абалга чыгарат. Суу ресурстарын пайдалануу боюнча макулдашууларга жетишкен шартта, ошондой эле ушул эки мамлекет энергетикалык тутумдарын бир аз эле айкалыштарган учурда региондун чегинен тышкары электр энергеиясын толук ийгиликтүү жеткире алат. Тактап айткандан, бул Ооганстан (бул өлкө дагы БАнын электр энергиясына өтө муктаж) аркылуу коңшу Түштүк Азия регионуна (Пакистанга жана Индияга) америкалык “Чоң Борбордук Азия” долбоорунун экономикалык түзүмү катары ийгиликтүү ишке ашырылышы мүмкүн. Канткен күндө деле, аталган учурда бул региондогу башка экономикалык долбоорго эч кандай карама-каршы келбейт. Тескерисинче, Кыргызстан жана Тажикстан сыяктуу кубаттуу электр энергиясынын ресурстарын потенцияалдуу өндүрүүчүлөрүнө оң таасирин тийгизмек. Анын үстүнө, арзан жана ишенимдүү электр энергиясынын жеткирилүүсүнө кызыгууну коңшу Кытай артып келет. Ал мындан ары Синьцзянды экономикалык өддөштүрүү үчүн кошумча кубаттуулукка муктаж.

Ошондуктан, кытайдын ЖЖЭАсы менен индиянын жана американын долбоорлорун реалдуу айкалыштыруу, алардын ар тараптуулугун эске алганда мүмкүн, болбосо дагы, акырындап электр энергиясынын сырткы рыногуна чыгуу үчүн аларды параллелдүү ишке ашырууда Кыргызстандын, Тажикстандын жана кайсы бир деңгээлде Казактсандын тоолуу райондорунун электр энергиялык тармагын мындан ары кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө мүмкүндүк бар. Анын калса, учурда Казакстан тарабынан Кытайдын коңшу райондоруна электр кубаттуулугун жеткирүү мүмкүнчүлүгүн өстүрүү боюнча реалдуу кадамдар жасалып жатат. бул экономиканын ушул тармагында ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөрдү колдонуунун жакшы мисалы боло алат.

Муну менен, товардык продукциянын негизги категорияларынын салыштырмалуу чектелген шарттарында жеңилдетилген же жагымдуу шарттарда аларды жеткирүү үчүн алардын сапатын жана ички ассортиментти толук кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө болот. Аларды экономикалык багыттагы интеграциялык долбоорлордун алкагында региондун чегинен тышкары жеткирүүгө мүмкүн болот. Мындан тышкары, мында маанилүү ролду долбоорлордун алкагында айыл-чарба, тоо-кен жана нефтегаз өнөр жайына тартылган инвестициялар маанилүү роль ойношу мүмкүн. Алар өнөр жайды кеңейтүүгө эле эмес, экспорттолуучу продукциянын сапатын маанилүү жакшыртууга колдонулушу, чийки заттарды жана даяр же жарым-жартылай кайра иштетилген продукцияларды жеткирүүнү көбөйтүүгө басым жасашы мүмкүн. Бул интеграциялык долбоорлордун бир нечесин айкалыштырган учурда ар бири тарабынан сунушталган экспорттук потенциалга гана көмөктөшүүгө жакшы мүмкүнчүлүк бербей, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичиндеги өнөр жай дараметин жогорулатат. Бул жаатта Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы текстиль өнөр жайынын өсүүсү оң көз карашты пайда кылат.

Бир нече интеграциялык долбоорлорду ишке ашыруу шартында жана аларды айкалыштырууда соода дараметин өнүктүрүүдө маанилүү фактор катары, өзгөчө банктык төлөм тутумунун алкагында санариптик өз ара мамиле роль ойнойт. Анткени, алардын алардын каражаты аркылуу соода-экономикалык байланыштардын негизги бөлүгү ишке ашырылат, ошондуктан аларды синхрондоштуруу Борбордук Азияда ишке ашырылып жаткан долбоорлорду айкалыштыруу үчүн олуттуу нешиз болуп кызмат кылат. Борбордук Азия мамлекеттери менен региондон тышкаркы өнөктөштөрдүн ортосундлагы соодалашууну ишке ашыруучу негизги аянтча болгон америкалык SWIFT тутуму маанилүү басым кылат. Бирок, азыркы учурда кытайдын “UnionPay” тутуму чоң мааниге ээ болуп баратат. Ал азыркы учурда дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөсүндө иштеп жатат. ал жана орусиялык “Мир” төлөм тутумунун ортосундагы кызматташтык акырындык менен SWIFT үчүн олуттуу альтернатива болушу мүмкүн жана ЕБ менен ЖЖЭАнын экономикалык өз алынчалыгын жогорулатат.

Белгилей кетүү нерсе, Борбордук Азия үчүн сунушталган интеграциялык долбоорлордун чоң бөлүгү бир эле ушул регион үчүн багытталган эмес, алар кыйла кеңири, көбүнчө европалык масштабдагы мүнөзгө ээ. Ушул жаатта кытайдын “Бир алкак – бир жол” демилгеси, индиялык “Түндүк-Түштүк транспорттук коридор” долбоору жана жада калса европалык “ЕБ жана Борбордук Азия: күчтүү өнөктөштүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр” долбоору мисал боло алат. Бардык ушул долбоорлор биздин регионду транзиттик катары карап жатышат. Бул жаатта кайсы бир өзгөчөлүккө АКШ менен Орусиянын интгерациялык долбоорлору түзөт. Кантсе да, орусиялык ЕАЭБ Борбордук Азияга өзүнүн жеке орусиялык продукциялары үчүн жетиштүү ири рынок катары эле эмес, анын аймагы аркылуу транзит менен Түштүк Азияга жана Орто Чыгышка жеткирүүгө болот. Ал эми америкалык “Чо Борбордук Азия” долбоору жалпысынан биздин регион үчүн такыр эле соода транзитин караштырган эмес.  

Ошондуктан, экономикалык түзүмү бар региондо ишке ашырылып жаткан көпчүлүк интеграциялык долбоорлордун евразиялык соодада анын жогорку транзиттик фактору катары мындай маанилүү шарттарынын болушу аларды андан ары синхрондоштурууда маанилүү шарт болушу мүмкүн. Бир катар долбоорлорду толугу менен бул жаатта айкалыштырууга болот:

  • мисалы, ЖЖЭА менен “ЕБ жана Борбордук Азия: күчтүү өнөктөштүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр” долбоорун;
  • ушундай эле жана жарым-жартылай – жогоруда аталган долбоорлор белгилүү бир шарттарда ЕАЭБ жана индиянын “Түндүк-Түштүк транспорттук коридор” долбоору менен кошулушу мүмкүн;
  • бир аз өзгөчөлөнүп АКШнын “Чо Борбордук Азия” долбоору кала берет, ал жакшы болгон учурда, эгер Дели ШОС жана БРИКСтин алкагында Орусия жана Кытай менен кызматташууну тереңдетүүгө басым жасабаса, индиянын долбоору менен жарым-жартылай синхрондошуусу мүмкүн.

Кантсе да, Борбордук Азиянын айрым интеграциялык долбоорлорун айкалыштыруу маселесинде региондун мамлекеттери жалпысынан бул жерде эки же андан көп параллелдүү багыттарды айкалыштыруудан утуп кетсе болот. Транспорттук жана өткөргүч түтүктөрүнүн инфра түзүмүн өнүктүрүүдөн жана кеңейтүүдөн, өнөр жай потенциалын жогорулатуудан, айыл чарбасын интенсивдештирүүдөн, региондун транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн жана ага шайкеш экономиканын санариптештирүүсүнөн, активдүү пайдалануудан, ошондой эле аларды түрдүү банктык төлөм тутумдарына тартуудан чоң финансылык пайда табууга болот.