Бишкек шаардык кеңеш 250 миң сомго фотоаппарат алабы?

8 ноября 2018

Бишкек шаардык кеңеш фотоаппарат сатып алууга 250 миң сомдук тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар расмий сайтында жарыяланды.

Фотоаппараттын техникалык мүнөздөмөсү Сanon маркасына дал келет жана ага  фотоаппараттын сүрөтү  тиркелген. Мындан сырткары фотоаппарат менен чогуу баштык, штатиф, 64 Gb көлөмүндөгү флешка алынуусу талап кылынган жана алардын дагы мүнөздөмөсү берилген.

Бирок, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамында  алынуучу товардын маркасын көрсөтүүгө тыюу салынган. Көрсөтүлгөн учурда мыйзам бузуу катары  эсептелет.

Бишкек шаардык кеңешинен билдиришкендей, сайтка жайгаштыруу үчүн баардык маалыматты камтый алган жана сапаттуу сүрөттөрдү тарта алган фотоаппарат керек:
— “Аталган сумма бир жылдык планга киргизилген. Мындай сапаттагы фотоаппарат узак мөөнөт пайдаланылат. Ошондуктан баасы кымбат.» деп билдирет шаар кеңеши.

Бишкек шаардык кеңеш буга чейин дагы тендер уюштурган жана  талаптарга жооп бере алган камсыздоочу табылган эмес.

Профессионалдык фотоаппараттын комплекти Бишкектеги сайттардан караганда орто эсеп менен төмөндөгүдөй баада: фотоаппарат-100 000 сомдун тегереги, штатиф 3000 сомдун тегереги, баштыгы 5000 сомдун тегереги.

 

Булак: pk.kg