Аялды ырахатка батыра турган негизги 3 точка: Ушуларды билсеңиз, ал сизге ыраазы болот

24 июля 2019 Аялды ырахатка батыра турган негизги 3 точка: Ушуларды билсеңиз, ал сизге ыраазы болот

Аял төшөктө ырахат алуу үчүн эркектин “аспабы” адистер айтып жүргөн G аймагына (аялдын эң сезимтал точкасы) жетүү керек.

Жыныстык катнаш дегенде коркуу, оруксунтуу деген сезимдер тууралуу көпчүлүк аялдар күйөөсүнө айта алышпайт. Анткени, аял күйөөсүнөн эч кандай ырахат ала албасын айтса, ортодо чоң түшүнбөстүк жаралары белгилүү. Көпчүлүк аялдар ушул жагынан коркушат.

Үй-бүлө кургандан кийин жубайлар ортосунда эч кандай сыр болбошу керек. Жада калса төшөктөгү каалооңузду да айтууга батынсаңыз, ортодо маселе жаралбайт.

Өзүнө ишенбестик, комплекстер, күйөөсүнүн “кемсинтүүсү” мунун баары аялга терс таасир этет. Ошондуктан, эркектер көңүлдү калтырган мындай сөздөрдү айтуудан мурда ойлонуңуз, сиз идеалдуусузбу?

Аялыңыздын төшөктө ырахат албоосунун башка да себептери бар. Эркектин төшөктөгү “билимсиздиги” гана эмес, орой кыймылы аялдын болушунча ачылуусуна жол бербейт. Коркуп калган аял денесин жыйрып, оргазмга жете албайт.

Мультиоргазм

Бул – аялда жыныстык катнаш учуру эмес, бир нече жолу катарынан лаззатка батуусу. Башкача айтканда, жыныстык катнаш учурунда бир жолу оргазмга бата алса, жыргаттым деп ойлобоңуз.

Аялдын эң сезимтал точкасы – кынындагы G аймагы. Биринчи точкасы эркектин жыныс мүчөсү кынга киргенден кийин 3-4 см аралыгында жайгашкан. Бул аймакка эркектин мүчөсү каалаган позада жете бербейт. Эркектердин мүчөсүнүн чоң-кичинелиги бул жерде роль ойнобойт. Себеби, ал аймак 3-4 см жерде жайгашкан. 20-25 пайыз аялдар бул сезимге жете алганын айтышса, калганы буга кантип жетүүнүн жолдорун өздөштүрүү менен алек.

Аялдын жыныс кынынын жогору жагында ашказандын жанында жайгашкан бул точкага буттары жогору көтөрүлгөн калыпта эркектин мүчөсү жете алат.

Клитор менен ушул G аймагына таасир этмейинче, аял толук ырахатка бата албайт. Ар бир эркек өз аялынын анатомиясын үйрөнүүгө тийиш.

Экинчи сезимтал точкасы – А аймагы деп аталат. Бул аймак, тереңирээкте жайгашкан. Заара чыгаруу айланасына жакын. Бул зона алигиси чоң же денесинен спермасын тез түшүрүп коё турган эркектерге ыңгайлуу. Албетте, биринчи аялды сылп-сыйпап, төшөк катнашына даярдап алуу керек.

Үчүнчү точка – U аймагы. Бул точка кындын кире беришинде, зара чыгаруу каналынын жанында жайгашкан. Бул албетте, мүчөнүн узун же кыскалыгына карабайт. Аялды ырахатка бөлөө сиздин колуңузда.

Булак: https://t.me/kabargram_kg