Көз жумган аялдын денеси курбусунун үйүндө жаткан. Ал каза болгондон үч күн өткөндөн кийин гана курбусу балконго чыгып, элден жардам берүүнү өтүнгөн.
Пенсионер Антонина Власова 5 кабатта турчу. Анын ден соолугу начарлап, аз кыймылдап калгандыктан, ага курбусу Марина Ротарь каралашчу. Соңку жылдары экөө чогуу жашап жүргөн.
14 –июль күнү Марина Ротарь каза болот, ал эми бул тууралуу оорукчан пнсионер эч кимге кабар бере албайт. Үчүнчү күнү гана ысыктан дененин жыты чыга баштаганда батирдин ээси болгон күчүн жыйнап, балконго чыгып, үйүндө өлүү дене жатканын кабарлайт.
“Биз үйүнө көтөрүлдүк. Жыт каңылжарды жарып турду. Тез жардам чакырдык. Өлүктү алып кеткени менен, подъезде жаман жыт калды. Биз санитардык-эпидемиологиялык борборго кайрылдык, алар кызматы үчүн акы алышарын айтышып, подъездди тазалап кетишти. Марина Ротарды полиция кызматкерлери жерге беришти. Кемпирдин уулу бар экен. Бирок, катышпай калышыптыр. Улуу Нур-Султанда жашайт экен. Ал эми Антонина Власова ооруканага жаткырылды”, - деди Мурат деген коңшусу.