Экзамен учурунда көз жарган абитуриент кыз жарым сааттан кийин кайра аудиторияга кайтып келген

22 июля 2019 Экзамен учурунда көз жарган абитуриент кыз жарым сааттан кийин кайра аудиторияга кайтып келген

Гвинеянын тургуну төрөп, жарым саат өткөндөн кийин кайра кайтып келип, экзаменге катышуусун уланткан.

18 жаштагы абитуриент Фатумана Курума Конденин толгоосу экзамен учурунда башталат. Кыз тез арада ооруканага жеткирилип, 10 мүнөттөн кийин көз жарат. Кийин ал кайра жарым сааттын ичинде экзамен тапшыруу үчүн кайтып келет. Туугандары кыздын бул кылыгына абдан таң калышат.

Курума Конде жолдошу менен туугандарынан ай-күнүнө жакындап калганын жашырып келген. “Мен бакалавриатка өтүү үчүн тапшыра турган экзамендердин бирин өткөрүп жиберүүдөн корктум. Себеби , мен бир жыл бою түнү-күнү даярданган элем”, - дейт жаш эне.

Экзамен тапшыруу борборунун директору Мохамед Диаките дагы бул окуяны ырастады.