Буга чейин унаанын ээси аны 25 миң сомго сатып алып, дрифт машинага айлантканын айтып берген.
Дрифт боюнча чемпионатта элди сүзүп кеткен унаа видеоблогер Алексей Лиге таандык экендиги маалым болду.
Автосүйүүчү буга чейин унааны 25 миң сомго сатып алып, оңдоп-түзөө иштерине 4 500 доллар жумшаган. Автокөлүктү калыбына келтирүү үчүн жарым жыл сарпталып, анын ишине блогерлер көз салып турушкан.
Июнь айында Алексей Ли машинасынын ачылышын жасап, аны менен жарышуу мелдештерине катышуу максаттары бар экендигин билдирген.
Эске сала кетсек, бүгүн, 21-июнда, Бишкектеги "Жеңиш" аянтында дрифт боюнча Gradus Cup аталышындагы чемпионат өткөрүлмөк. Бирок ачылыш аземине аз калганда Toyota Mark I автоунаасынын кожоюну рулду башкара албай, элди көздөй күү менен барып кирип кеткен. Окуя видеого түшүп калган.
Медиктердин билдирүүсүндө, ар кандай жаракат менен беш адам ооруканага жеткирилди. Ал эми айдоочу жабыркаган жок. Бүгүнкү боло турган мелдеш токтотулган. Ал эми иш-чаранын уюштуруучулары комментарий берүүдөн баш тартты.
Милиция кырсыкты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, автоунааны айып короого киргизди. Шаардык мэриянын маалыматы боюнча, рулда 32 жаштагы жаран болгон.
Катышуучулар менен коноктордун коопсуздугун эске алуу менен мелдешти өткөрүү үчүн уруксатты Свердлов райондук администрациясы берген. Окуядан кийин мэриядан дрифт өңдүү турнирлерге тыюу салууну пландап жатканын билдиришти.