Териси көзүн жаап калган: дартка чалдыккан кишинин бети адам тааныгыстай болуп шишип кеткен

19 июля 2019 Териси көзүн жаап калган: дартка чалдыккан кишинин бети адам тааныгыстай болуп шишип кеткен

Филлипиндин тургуну бетин адам тааныгыстай шишип жиберген ооруга чалдыккан.

56 жаштагы Ромуло Пилапил үчүн жыл мурун ооруй баштаган. Анын көзү кычышып, турдунан суу агат экенин айтып, дарыгерлерге кайрылат. Дарегерлер ал синусит деген ооруга чалдыккан деп даарылай башташат. Эк жума өткөндөн кийин анын абалы начарлап кеткен. Андан кийин бети шишип кетет.

Жергиликтүү дарыгерлер Пилапилге так диагноз коё албагандыктан, ага борбор калаанын дарыгерлерине кайрылууга кеңеш беришет. Бирок, ал үчүн Пилапилдин акчасы жетпейт эле. Көп өтпөй бети катуу шишип кеткендиктен, териси көзүн жаап калат. Оорунун айынан жумушунан да айрылат. Балдары иштеп, атасын бага баштайт.   

Пилапил акыркы жолу дарыгерге 2018-жылы кайрылган. Андан бери ал медициналык жардам ала элек. Анын туугандары бул жаңылыкты башкалар окуп, ага жардам берет деп үмүттөнүшөт.