Атасынан өч алам деген. Ноокенде 7 жашар баланы өлтүргөн киши өмүр бою кесилди

19 июля 2019 Атасынан өч алам деген. Ноокенде 7 жашар баланы өлтүргөн киши өмүр бою кесилди

Буга чейин айыпталуучу маркумдун атасы менен чогуу иштеп, экөөнүн ортосунда акча маселеси боюнча пикир келишпестик жаралганы айтылган.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жеке ишкердин 7 жаштагы баласын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип кармалган адамды райондук сот өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ноокен райондук соту айыпталуучуну КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Адамды уурдоодон кийин өлтүрүү") менен күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Азырынча өкүмгө карата апелляциялык арыз түшпөгөнү айтылат.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде саат 00:25 чамасында Ноокен РИИБге Масы айылынын тургуну уулу жоголгону боюнча арыз жазган.

Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, КРдин Жазыктар кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш иши козголгон.

Бала жоголгон күнү саат 14.00дө атасына бейтааныш адам чалып, баласы үчүн 120 миң доллар талап кылган.

Ошол эле номерден бир сааттан кийин "Өзүм байланышам. Милицияга кабар берсең, балаңды өлтүрөм. Акчаны он күндүн ичинде тап" деген тексттеги билдирүү келген.

Укук коргоочулар ошол эле түнү шектүүнүн ким экенин аныктаган. Ал Ноокен районунун 22 жаштагы тургуну болуп чыккан. Ошондой эле наристе уурдалгандан бир нече сааттан кийин өлтүрүлгөнү белгилүү болгон. Шектүү баланын сөөгүн айылдын четиндеги талаага көмүп койгонун айтып берген.

Тергөө маалында белгилүү болгондой, шектүү менен баланын атасынын ортосунда аласа-бересе боюнча пикир келишпестик болгон. Ал уулун жоготкон адам менен ишкерлик жаатында бирге эмгектенип, үй-бүлөсүн жакшы тааныгандыктан, баланы эч тоскоолдуксуз алып кетип калган.

Спутник Кыргызстан