Атамбаевди күч менен кармоо пландалып жатат. Жолдубаеванын билдирүүсү

19 июля 2019 Атамбаевди күч менен кармоо пландалып жатат. Жолдубаеванын билдирүүсү

Атамбаев ИИМге үчүнчү ирет чакырылган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди милиция күч менен кармап алууну пландап жатат. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

"Ишенимдүү булактардын айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаевди күч менен кармоого буйрук берилгени белгилүү болду. Ишти күндүн экинчи жарымында баштоо пландалып, бир жарым миң укук коргоочу тартылат экен. Бийликтегилер радикалдык чаралардын арты жаман болорун унутуп калса керек" - деп жазган Жолдубаев.

Бүгүн, 18-июлда, милиция кызматкерлери Атамбаевге ИИМге келип сурак берүү үчүн үчүнчү ирет билдирүү катын алып келген. 

Ал катта Атамбаев 19-июлда саат 10:00дө суракка барышы керектиги жазылган.

Мурдагы президентке сурак берүү үчүн кагаз биринчи жолу 8-июлда, андан кийинки кагаз 10-июлда келген. Бирок Атамбаев азыркы бийлик "бийлик укуктук талаадан чыгып кетти" деп, тергөөчүнүн сурагына келбей тургандыгын журналисттерге айткан.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттеги депутаттык комиссия койгон алты күнөөнүн бешөө негиздүү экенин ырастап, бул боюнча өзүнүн корутундусун дагы билдирген.

Алар: Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз алуу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна, акча адалдаган "Ака инвест" сыяктуу бир нече компанияга тиешеси бардыгы, Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер жана ТЭЦке көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргоо маселеси.