Сөөгү менен кийимине чейин жеп коюшкан: Иттер өзүн баккан ээсин жеп койду

18 июля 2019 Сөөгү менен кийимине чейин жеп коюшкан: Иттер өзүн баккан ээсин жеп койду

Американын Техас штатынын Венус шаарынын 57 тургуну Фредди Мак дайынсыз жоголгон. Аны өзүнүн иттери жеп коёт.

Фредди ит багып, элден оолак өмүр сүрчү. Анын 18 ити бар эле. Жумасына бир жолу туугандары андан кабар алып, азык-түлүк сатып алууга жардамм беришчү. Ит баккан кишинин жоголуп кеткенин туугандары биринчи болуп байкашкан.  

Алар кадимкидей эле тууганынын үйүнө конокко келсе, иттер үрүп үйгө такыр киргизбей коюшат. Мындан улам алар май айынын башында полицияга кабар беришет. Туугандары полиция кызматкерлери менен үйгө кирип, Фреддини таба албай коюшат.

15 май күнү Фредди жашаган участоктон белгисиз кишинин сөөгүнүн бөлүктөрү табылат. Дагы бир аз убакыттан кийин бир нече сөөк жана чач табылат. Экспетизанын жыйынтыгында иттер ээсинин сөөгүн кийимдери менен кошо жеп коюшкан.

“Алгач биз аны иттери жеп койгонуна ишенген жокпуз. Себеби, эч кандай калдык жок эле”, - дейт округдун шерифи Джонсон Адам Кинг.

Тергөөчүлөр да иттер адамдын денесин толук жеп койгонуна биринчи жолу күбө болушкан.

15 итке дары берип, экөөсүн атып өлтүрүшкөн. Учурда Фреддинин 3 ити тирүү.