Бетти агартуунун жолдору

18 июля 2019 Бетти агартуунун жолдору

Көп кыздардын бетинде кара, күрөң тактар болот. Андан кантип арылуу керек экенин жана бетти агартуунун бир нече жолун сунуштайбыз.

Адатта тактар күн нурунун таасиринен чыгат же тукум кууйт. Ашказан ооруса да чыгышы мүмкүн. Сепкил, тактарды кетирүү үчүн ар кандай косметикалык каражаттар бар. Ошентсе да, алардын көбү ары кымбат, ары пайдасыз. Ошол себептүү биринчи өзүңүз маска жасап, кетирүүгө аракет кылып көрүңүз.

Петрушка маскасы

Петрушка чөбүн майдалап, таза бетке сүйкөңүз. Жарым сааттан кийин жууп, нымдандыруучу бет май коюп коюңуз. Петрушка терини агартып, жумшартат.

Петрушка менен каймак маскасы

Бул маска кургак териге арналган. Майдаланган петрушканы каймак же крем менен аралаштырыңыз. Бетке сүйкөп, жарым сааттан кийин жылуу суу менен жууп салыңыз.

Лимон кабыгынын маскасы

Лимон кабыгын жарым саат сууга салып, кайнатыңыз. Жай отто болушу керек. Убакыт өткөндөн кийин тундуруп коюңуз. Бул кошулма – табигый тоник. Аны менен үч жолу бетиңизди сүртүп туруңуз.

Лимон менен крахмал маскасы

Жарым аш кашык крахмалды лимон ширеси менен аралаштырыңыз. Кошулманы бетке сүйкөп, жарым сааттан кийин жылуу суу менен жууп салсаңыз болот. Эгер бетиңиз ысып баратса, дароо жууп салуу керек.