Тамак-аш жетишпейт: дүйнөнүн кайсы өлкөсүндөгү элдер азык-түлүккө зар

17 июля 2019 Тамак-аш жетишпейт: дүйнөнүн кайсы өлкөсүндөгү элдер азык-түлүккө зар

Акыркы жылдары дүйнөдө ачарчылыкка туш болгон адамдардын саны өсүп, учурда жегенге тамагы жок адамдардын саны дагы 10 миллионго көбөйгөн.

Бул тууралуу 2019-жылы “БУУнун азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасынын” 2019-жылга карата маалыматында айтылды.

Тамак-аштын тартыштыгы экономикасы төмөн жана эл аралык соодага өтө көз каранды болгон өлкөлөрдө пайда болот. Азык-түлүккө Түштүк Азиянын өлкөлөрү өтө зар болууда. Бүгүнкү күндө ал көрсөкүч 500 миллионго жетти. Изилдөөнүн авторлору Африкадагы абалды эң кооптуу деп белгилешкен, дүйнөдө ачарчылыктын эң жогорку деңгээлин 256 миллион адам башынан кечирип келет.  

Өткөн жылы 820 миллион адамдын өзөк жалгоого тамагы жок экендиги аныкталган.

Ачарчылык менен катар ашыкча салмак дагы көйгөй болуп келет. Өзгөчө мектеп жашындагы балдарда ашыкча салмактуулук өскөн.

Маалыматта “2018-жылы беш жашка чейинки балдардын арасынын 40 миллиону, башкача айтканда 5,9 пайызында семиздик аныкталган” деп айтылат.