Төшөк кумарына баткан америкалыктардын саны барган сайын азаюуда

17 июля 2019 Төшөк кумарына баткан америкалыктардын саны барган сайын азаюуда

Сурамжылоонун натыйжасында жаштардын 23 пайызы жыныстык жашоо менен таптакыр жашабай турганын айтышкан.

Айлап, кээде жылдап төшөк кумарына батпаган америкалыктардын саны барган сайын көбөйүп баратканын ВВС жазып чыкты.

Сурамжылоонун натыйжасына ылайык, 2018-жылы ар бир төртүнчү америкалык жаран (25 пайыздан көбүрөөк) бир да ирет жыныстык катнашка барган эмес. Экспериментке катышкандардын 15 пайызы беш жылга чейин дене кумары жөнүндө ойлонбогонун айтышкан. Бул акыркы 30 жыл ичиндеги рекорддук көрсөткүч.

Сексуалдык активдүүлүктүн жайлашы жалпы улуттун картайып баратканы менен түшүндүрүлөт, алсак 1946-1964-жылдардын аралыгында жарыкка келгендер жаш курагына байланыштуу төшөк кумарына батпай калат. Бирок акыркы жылдары ушунча эле жаш киши (30 жашка чейинки аялдар менен эркектер) төшөктө өнөктөшү жок экенин ачыктаган.

Эксперттер мунун баарына америкалыктардын эми кечирээк чоңоюп жатканы себеп деген тыянакка келишти. Чоң турмушка кечирээк аттанган адамдын үй-бүлө куруусу да кечеңдеп, жашы өткөндө гана балалуу болушат.

Белгилей кетчү нерсе, акыркы 20 жыл аралыгында 60 жаштан өткөн адамдардын саны 1,5 эсеге өткөн.

Спутник Кыргызстан