Милиция: Көлдө дайынсыз деп изделген казакстандык кантип табылганын айтып берди

17 июля 2019 Милиция: Көлдө дайынсыз деп изделген казакстандык кантип табылганын айтып берди

Алдын ала маалыматтарга караганда, ал түндүк жээктен түштүк жээкке сүзүп барган да, Кара-Ойго такси менен келген.

Ысык-Көлгө эс алууга келип, бирок эки күндөн бери жоголуп кеткен казакстандык турист табылды. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында эс алып жүргөн Казакстандын 53 жаштагы жараны 14-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан.

Кийинки маалыматтарда скутер айдап кетерде үстүндө куткаруучу жилети болгону да айтылган.

"Алдын ала маалыматтарга караганда, ал түндүк жээктен түштүк жээкке сүзүп барган да, Кара-Ойго такси менен келгендигин айтып берди. Ал эми скутери көлгө түшүп кеткенин кошумчалады. Учурда милиция бөлүмүнө алып келип, тактоо иретинде сураштырып жатабыз", — деп айтты Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов.

Казакстандын жаранын издөөгө бардык күчтөр тартылганын Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев айтып берип, атайын чакан амфибия учагы да тартылганын кошумчалаган.

Спутник Кыргызстан