Жумуштан чыгып калбашы үчүн Индияда аялдар жатындарын алдырып жатышат

16 июля 2019 Жумуштан чыгып калбашы үчүн Индияда аялдар жатындарын алдырып жатышат

Иштеп жаткан ишинен айрылып калбашы үчүн Индиянын кээ бир шаттарында аялдар жатындарын алдырып, медицианлык жол менен жасала турган курмандыкка барып жатышат.

Мамлекеттин батыш тарабында жайгашкан штаттардын биринде ушундай 4500 операция катталган. Аны көбүнчө жашы 40тан ашпаган аялдар жасаткан. Арасында 30 жашка чыга элетери да бар.

Мындан тышкары, аялдар этек кири келгенде ооруксунтууну азайтуу үчүн каттоодон өтпөгөн дары-дармектерди пайдалангандагы белгилүү болду. Көбүнчө мндай дарыны 15-25 жаштагы кыздар ичишкен.

Аталган мамлекетте аялдардагы айыз жөнүндө сүйлөшүүнү жактыра беришпейт. Ошондуктан, кыздар ооруну басуучу дарыларды ичип, ошол күнү мектепке барбай калышат.

Улуттук комиссия ушуга байланыштуу шаттатын бийлигинен кандайдыр бир чара колдонууну суранды.