Сириядан кайтып келген аял: согуш оюнчугу болгонубузду кеч түшүнгөнүбүз өкүнүчтүү

16 июля 2019 Сириядан кайтып келген аял: согуш оюнчугу болгонубузду кеч түшүнгөнүбүз өкүнүчтүү

Жакшы жашоону эңсеп Сирияга барган аялдар согушта жакндарын жоготушту. Баласын, эки жолдошун бирдей жоготкон казакстандык аял баштан кечиргендерин айтып берди.

Түркестандык Айгудүн жолдошу мугалим болуп иштечү. Ал Сирияга кете электе аялына ал жакта жакшы жашайбыз деп убада берген. Биро, жолдошу бомбанын алдында калып, каза болот. Ал эми Айгүлдүн улуу баласын бирөөлөр атып кеткен. Согушкерлер аялга жолдошу менен баласынан кандайча каза болгонун видеого тартып көрсөтүшкөн. Айгүл болгон окуяны уул күнгө чейин унута элек. Быйыл аял төрт баласы менен үйүнө кайрып келди.

Казакстанга кайтып келген Акжаркын аттуу аял менен анын жолдошу Сириядагы мусулман боордошторго жардамдашууну каалаган. “Бирок, мен согушкерлер бизге калп айткандарын түшүндүм”, - дейт аял.

Туулган жерине катып келген Дүйшөнкүл да согушта жүрүп эки күйөөсүнөн айрылган. Ал Сирияда алты жыл жашаган.

“Снайпер менинэкинчи күйөөмдүн бутуна ок жаадырды. Анын бир тууганына да ок жадырышты. Күйөөм аны куткаргысы келгендерге: “Жакындабагыла! Өлүп кетесиңер!”, - деп токтотууга аракет кылган.

Күйөөсү үйлөрдүн урандысына жашырынганы менен, баары бир көз жумат.

Мындай ок жааган учурларда чоңдор бекине турган жер таппай кыйналса,балдар ураган үйлөрдүн арасына жаырынышчу.

“Согуш оюнчугу болгонубузду кеч түшүнгөнүбүзгө өкүнөм. Мен ал жаака эми кайтып барбаймын”, - дейт Дүйшөнкүл.

Түркестан обастындагы дин иштери башкамаларыгынын жетекчиси Марат Мустафаевдин айтуусу боюнча, радикалдардашуу диндеги акырык чек. Анын сөзүнө караганда, эгер адам окубаса, радикалдар болгон мүлкүн, жашоо-турумушун тартып алышы мүмкүн. Бул түзүмдүк идеология болуп саналат.

Сириядагы казактсандыктар ошондой китептерди окуп үйрөнүшкөн. Ошон үчүн аларга адашып калгандыгын түшүндүрүү үчүн бир аз убакыт керек”, - дейт ал.

“Жусан” атайын операциясынын жардамы менен Сириядан 524 казакстандык, анын ичинде 357 жаш бала кайтарылган.