Ак-Буурага автоунаасы менен түшүп кеткен аялдын сөөгү табылды

16 июля 2019 Ак-Буурага автоунаасы менен түшүп кеткен аялдын сөөгү табылды

ӨКМдин куткаруучулары бүгүн дагы бир адамды издешерин билдирди.

Ноокат районундагы Ош - Папан - Кожокелең жолунда кырсыктап Ак-Буурага түшүп кеткен автоунаанын жүргүнчүсү — аялдын сөөгү табылды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, 14-июлда Ош облусунун Ноокат районунда Ош - Папан - Кожокелең жолунда автоунаа Ак-Буура дарыясына ичиндеги төрт адамы менен кошо түшүп кеткен.Ошол эле күнү кечинде 56 жаштагы кишинин, ал эми эртеси таңда 73 жаштагы адамдын сөөгү табылган.

"Саат 19:00 чамасында 59 жаштагы Р.И. аттуу аялдын сөөгүн жергиликтүү тургундар таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен", — деп жазылган маалыматта.

ӨКМдин куткаруучулары бүгүн дагы бир адамды издешерин билдирди.

Кыргызстанда быйылкы жайда суу адамдын өмүрүн алган учурлар, тилекке каршы, көп катталууда. Кечээ Бишкектен алыс эмес жерде, Ала-Арча дарыясына түшүп кеткен жигиттин сөөгү табылган.

Спутник.кж