Кыргызга келин болгон Любовь апа: Россияны сагынам, бирок кетким келбейт

16 июля 2019 Кыргызга келин болгон Любовь апа: Россияны сагынам, бирок кетким келбейт

Беш кыз, бир уулду эрезеге жеткирген Любовь Исакованы айылдаштары "орус келин" деп аташчу. Азыр ал 17 небере, 4 чөбөрөлүү болуп, балпайган байбиче болуп отурган кези.

Анын Баткен районундагы Боз-Адыр айылында жашап келе жатканына 49 жыл болду. Россиялык кыз Баткендин чек аралаш аймагына кантип келип, келин болуп калганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына баштан-аяк баяндап берди.

Ал 1952-жылы Россиянын Москва облусундагы Зарайск шаарында туулуп, ошол жерде өскөн.

9-классты аяктап, аталган шаардагы педагогикалык училищеге тапшырат. 18 жашында аны аяктап, окуу жайдын жетекчилиги тарабынан курбу кызы экөө Баткен облусунун Боз-Адыр айылындагы Бердикул Акматов атындагы орто мектебине жиберилет.

"Ал кезде жапжашмын, жашоонун ысык-суугун көрө элек учур. Шаардын жеңил жашоосуна көнүп калгандыктан, алгач кыйналып жүрдүк. Аталган мектепке ишке орношуп, башталгыч класстарга орус тилинен сабак берчүмүн. Кыргыз тилин билчү да эмесмин. Тилди мага окуучуларым үйрөттү. Себеби алардын баары мага кыргызча сүйлөп кайрылышчу. Ошентип кыргыз тилин да үйрөнө баштадым", — дейт ал.

Ал болочок жолдошу Махамаджан Исаковду ушул айылдан кездештирген. Ал кезде жолдошу аскер кызматын өтөп, айылына кайра келгендигин эскерет.

"Жолдошум жашында шайыр жигит эле. Айылда таанышып калдык. Орус тилин мыкты билгендиктен бат эле тил табышып кеттик. Анын достору, мен, курбу кызым болуп чогуу киного бара баштадык. Айтор, бири-бирибизди көрүп, жакындан тааный баштадык", — дейт ал.

Жолдошу Махамаджандын айтымында, мугалим кыздын кичи пейилдигин жактырган.

"Болочок жубайым менен таанышканда эле мага анын кичи пейилдиги жаккан. Бой көтөрчү эмес. Шаардык болгону менен элпек, сылык эле. Адамдык сапаты, жакшы мүнөзү менен мени өзүнө тартып алса керек. Айтор, ага байлана баштадым. Анан ичимден орус болсо эмне экен деп ойлоно берип, акыры ага үйлөнөм деп чечтим", — дейт Махамаджан аксакал.

Бирок ата-энеси, бир туугандары анын орус кызга үйлөнөм деген чечимине караманча каршы болушканына карабай, жаштардын бири-бирине болгон сезими бардык тоскоолдуктарды  жеңип, баш кошушкан.

Жолдошунун гана жакындары эмес, жубайынын да ата-энеси кызынын Баткен жергесинде калышын каалаган эмес.

"Ата-энем Кыргызстанда өмүр бою калып каласың, бизди сагынасың, үйгө кайт дешти. Бирок алардын сөзүн укпай, Баткендин Боз-Адырына келин болуп калып калдым. Анткен менен жакындарыма рахмат, менден баш тартышкан жок. Тескерисинче, күйөө баласын жакшы көрүп калышты. Азыр дагы баары менен катышабыз. Жыл сайын туулуп-өскөн мекениме барам. Азыр эми учак менен каалаган жерге жетүү оңой болуп калбадыбы. Уул-кыздарым Россияда иштеп-жашашат", — дейт Любовь апа.

Аны айылдаштары бир кезде "орус келин" дешсе, азыр "орус байбичеге" айланган.

Быйыл 67 жашка чыккан Любовь Исакова жолдошу Махамаджан экөө 47 жыл чогуу өмүр сүрүп, Айгүл, Аксана, Мариям, Чынара, Тахмина аттуу 5 кыздуу жана Руслан аттуу уулду болгон. 17 небере 4 чөбөрөсү бар.

Боз-Адыр айылындагы Бердикул Акматов айылында 40 жылга жакын өмүрүн балдарга билим берүүгө арнап, "Билим берүүнүн отличниги" наамы менен сыйланган. Учурда ардактуу эс алууда.

"Бул жылы 20 жылдык бүтүрүүчүлөр келип, 25-май - Акыркы коңгуроо майрамында белек-бечкегин берип, рахматын айтып кетишти. Мугалимдик кесипти тандаганыма эч качан өкүнбөйм. Себеби мен билим берген бир бүтүрүүчүм: "Эжеке, сизге рахмат. Сиз берген билимдин арты менен 47 мамлекетти кыдырдым. Жашоодо алдыма койгон максатыма жеттим",- деп рахмат айтканы мен үчүн зор бакыт, чексиз кубаныч тартуулады", — дейт ал.

Любовь Исакова бир мезгилдерде мекенин сагынып, куса болгондугун айтат.

"Жолдошум башынан эле мени колдоп, коргоп турат. Анан мен аны кантип таштап кетейин. Менин да ага болгон сезимим, сыйым, урматым бар. Россияны сагынам, бирок Баткен жергесин таштап кетпейм. Өз мекенимде 18 жыл өмүр сүрсөм, 50 жылдык өмүрүм Баткендин Боз-Адыр айылында өттү. Мен бул жердин жашоочуларын, абасын, табиятын кошо сүйдүм. Азыр жолдошум экөөбүз Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешкен аймакта жемиш бакчабыз бар. Өрүкзарда өрүк терип, кургатып, малина, кулпунай өстүрүү менен алектенебиз. Бул биз үчүн бир чети хобби болсо, бир чети ден соолугубуз үчүн пайдалуу. Неберелерибиз зериктирбей кезектешип келип турат. Алардын, абышкамдын курчоосунда бактылуумун деп айтсам болот", — дейт ал.

Ал эми жолдошу Махамаджан жубайынын жаңыдан келин болуп келген мезгилинде алгач салт-санаадагы айырмачылыктардан кыйналгандыгын эскерет.

"Тырышчаак мүнөзү менен баарын жеңди. Азыр айылдык аялдардан калышпай тойдо да, киши өлгөн жерде да эмне кылуу керектигин айттырбай билет. Шаардык кыз тандырга нан жапмак тургай тандыр өзү эмне экенин кайдан билсин? Бир жолу үйдө эч ким жок болчу. Нан түгөнүп калыптыр. Эмне кылаарын билбей, тобокелге салып камыр жууруп, тандырга алгачкы жолу нан жапты. Үйлөнөрүбүзгө каршы болгон апам келининин жапкан нанын көрүп таң калган. Анан уй сааганды үйрөндү. Ошентип олтуруп, айылдын турмушуна чыдап, бардык ишти жасап, ата-энемдин көңүлүн таап, бизге бүлө болуп калды", — дейт ал.

Мындан тышкары, шаардык кыздын тазалыгынан улам үйгө суу ташый берип эси оогон күндөрдү эске салды.

"Жанда жок тазалыгы бар эле. Кир кийимдерди бир канча жолу чайкап, сууну көп коротчу. Ал кезде айылда суу жок болгондуктан, сайдагы дарыядан суу ташычубуз. Анын суу ташып кыйналганын көрүп, боорум ооруп, сайдан чакаларын көтөрүп жардамдашчумун. Ага апам кызганып, өзү ташысын деп калчу. Анан апамдан жашынып, үйгө чейин көтөрүп келип, аз калганда өзүнө берчүмүн. Баса, жайлоого чыкканда казанга нан жапканды үйрөндү. Айтор, баарын жасап, тың эле келин болду", — дейт ал.

Эки улуттан куралган үй-бүлө чыныгы интернационал үй-бүлөгө айланып, мындан бир жыл мурда небереси (биринчи жээн небереси) өзбек тектүү кызга үйлөнгөн.

"Ала-Букага куда түшкөнү жөнөп калдык. Кыздын улуту ким экенине да кызыкпаптырмын. Куданын үйүнө барганда гана өзбек тектүүлөр экенин билдим. Биз улут тандабайбыз. Башкысы, адамдык сапат. Азыр чөбөрө жыттап отурабыз", — деди кубанганын жашырбаган Махамаджан Исаков.

Жубайлар алардын бири-бирине болгон сезими баш кошууга түрткү берген болсо, сый-урматы өмүр бою бирге жашап, бактылуу өмүр сүрүүгө жеткиргенин кошумчалашты.

Спутник.кж