Хабиб Нурмагомедов бөтөлкө челленджине элден башкача катышты

16 июля 2019 Хабиб Нурмагомедов бөтөлкө челленджине элден башкача катышты

Интернетте Нурмагомедовдун бөтөлкөнү колунун кыры менен уруп ачып жаткан видеосу тарады.

Россиялык UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов бөтөлкөнүн оозун башкача ачып Bottle Cap Challenge акциясына катышты.

Спортчу анда бөтөлкөнү буту менен эмес, чимирилип келип колунун кыры менен ачкан. Видеодон анын өзүнүн бул кадамына күлүп жаткандыгын көрүүгө болот.

​Челлендждин башкы максаты - бөтөлкөнү ордунан кулатпай туруп, капкагын чимирилип келип бут менен тээп ачуу болгон. Интернет колдонуучулар жана спорт жылдыздары буга активдүү катышып, бири-бирине өткөрүп берүүдө.

Спутник.кж