Биринчи жолугушууну акыркыга айланткан 5 ката

16 июля 2019 Биринчи жолугушууну акыркыга айланткан 5 ката

Биринчи жолугушууда адамдар бир эле мыкты сапаттарын көрсөтпөстөн, кийин оңдоого болбой турган каталарды да жасашат. Алар кандай жоруктар деп ойлойсуз? Биринчи жолугушуу аял менен эркектин ортосундагы мамилелердин андан ары мамилесинин өнүгүшүн аныктайт. Сиздин кайсы катаңыз мамилеге чейит коюуга алып келерин карап көрөлү.

Кечигип келүү

Кечигип келүү (көп убакытка эмес) кыздарга гана тиешелүү көрүнүш. Ал эми анын эркектерге эч кандай тиешеси жок. Эгер эркек кечигип келсе, анда иштин бүткөнү ошол. Анын үстүнө кечигип келүү мырзадларды жакшы жагынан көрсөтпөйт. Жолугушууда даярданып жатып, убакытты кенен эсепте, жол тыгынын жана башка майда-бараттарды эске ал. Эгер мырзалар кечикпей келсе, муну кыздар ар дайым баалашат.

Адепсиздик

Эгер кыз сени менен бир толкунда болуп, бирдей темаларды сүйлөшүп жатса деле, сөгүнүп, адепсиздикке жол бербе. Кантсе да, жок дегенде биринчи учурларда жаман сөздөрдү айтпай эле койгонуңуз оң болот. Эгер кыз адепсиз сөздөрдү сүйлөп жатса да, аларды сизден укса, жини келет, ишенип коюуңуз.

Кунарсыз сөздөр жана сөзгө чоркоктук

Ооба, бардык эле эркектер чечндик өнөрдү биле беришпейт. Бирок, сүйлөшүп кете албоо, тантырактык сиз үчүн терс натыйжа алып келет. Кыздар кулагы менен сүйөт. Алдын ала сүйлөшө турган темаларды ойлоп алганыңыз жакшы. Бир-эки анекдот, кызыктуу окуяларды даярдап алыңыз.

Секс тууралуу сөздөр

Бул тема биринчи жолугушууда козголбошу керек. Кыз өзү деле мындай сөздөргө эрте экендигин билдирет, болбосо мамиле башталбай туруп, бүтүп калат. Чыдап туруп, секс тууралуу сөздөрдү кийинкиге жылдырып туруңуз.

Телефон “чукуйсузбу”

Жолугушуу учурунда телефондо отуруу – бул жаныңыздагы кишини сыйлабоого жатат. өзүн сыйлаган кыз буга чыдабайт. Сиз белгилүү блогер болсоңуз да, жолугушуу учурунда посттордон баш тартып туруңуз.