Аттестатты ката менен баскандардын кандай жаза алгандыгы айтылды

15 июля 2019 Аттестатты ката менен баскандардын кандай жаза алгандыгы айтылды

"Учкун" акционердик коомунун жетекчиси ката кеткен жагдай боюнча жумушта каталар боло турганын айтты.

Кыргызстандагы ката менен чыккан аттестаттар алмаштырылып, бир кызматкер жумуштан алынды. Бул тууралуу "Учкун" ачык акционердик коомунун директору Дайыр Кенекеев билдирди.

Жетекчи аттестат жаатындагы бул жагдайды "жумушта каталар болот экен" деп атады.

Билим берүү министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы жана "Учкун" ачык акционердик коому келишим түзүп, 222 миң документ басып чыккан.  Анын ичинде 11-класстын аттестаты жана 9-класстын күбөлүктөрү бар.

"Жумушта каталар болот экен, 222 миңдин ар бирин текшерип чыга албайт экенбиз."Среднюю реднюю" деген каталары менен 24 даана аттестат чыккан. Анын негизинде бөлүм башчы жумуштан алынып, 690 сом берип документтер кайра жасалып берилди. Алты кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды", — деди Кенекеев.

Ал  "Учкун" ачык акционердик коому биринчи жолу мамлекеттик буюртманы аткарып жатканын жана буга чейин аттестаттарды жеке компаниялар жасап келгендигин кошумчалады.

"Среднюю реднюю" учуру аттестаттагы жалгыз ката эмес. Буга чейин "жөнүндө" деген сөздөгү "н" тамгасы "ң" болуп өзгөрүп калган. "Он окончил школу" деп жазылып, кыз бала эркекке айланып кеткен учур да болгон.

Эске сала кетсек, буга чейин аттестаттардагы каталар боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кылмыш ишин козгогон.