Секс жөнүндө баары ишене турган 5 миф

15 июля 2019 Секс жөнүндө баары ишене турган 5 миф

Секс жөнүндө сөз кылуу уят эмес, бирок ага баары эле даяр эмес. Ошондуктан, бул теманын тегерегинде айтылып жүргөн мифтер менен жомоктор абдан көп. Алардын айрымдарына сиз азыр деле ишенесизби? Келгиле карап көрөлү!

Секс жөнүндө мифтер менен стереотиптер жаңылыштыкка алып келип, мамиледеги жүрүм-турумга таасирин тийгизет жана секстен толук кандуу ырахат алууга толкоолдук жаратат.

1. Эркектер секс жөнүндө гана ойлошот, аялдар – мамиле куруу жөнүндө

Көптөгөн жылдар бою аялдарга секс эмес, сүйүү гана керек деген нерсеге көнгөнбүз. Аялдар өздөрүнүн сексуалдык каалоосун жашырып келишкен. Азыр болсо сезимдерин ачык атууга убакыт келди, эркектер киндиктен ылдый жакты ойлоп жүргөн учурда кыздар сүйүүнү гана күтүп жүрөт деген туура эмес.

2. Негизинен эркектер көзгө чеп салышат

Эркектер өздөрүн кармай алышпайт, мындан улам көз чөп салгандар да эркектер болуп чыгат. Чынында аял да, эркек да үй-бүлөлүү болуп туруп, башка адамды жактырып кала алышат. Аялдар деле эркектердей эле көз чөп салып, бирок билдирбей жүрө беришет.

3. Пенистин өлчөлүн манжасына (мурдуна, бут кийиминин өлчөмүнө ж.б.) карап билүүгө болот

Эркектердин жыныс мүчөсүннүн кандай экенин колуна карап туруп эле билүүгө болот, эгер чоө болсо, жыныс мүчө да чоң болот деген жаңылыш сөздөр бар. Чынында жыныс органы менен башка дене мүчөсүнүн бир дагы байланышы жок.

4. Аялдар порно көрбөйт

Порно бир гана эркектерди кызыктырат десеңиз жаңылышасыз. Аялдар дагы порнофильмдерди кызыгуу менен көрүшөт. Көпчүлүк аялдар өнөктөшү жок деле көрө беришет.

5. Афродизиактар каалоону арттырат

Сексуалдык дүүлүгүнү тез эле пайда кылат деген бардык продуктылар канчалык макталбасын, адистер так ошондой деп айта алышпайт. Сөз плацебо жөнүндө болуп жатат, афродизиак таасир этет деп киши чын дили менен ишенсе гана ишке ашат.

Сизде дагы секс жөнүндө мифтер барбы? Анда бөлүшүңүз!