Аялдардын кайсы кылыгы үчүн эркектер төшөк кумарына тойбойт

12 июля 2019 Аялдардын кайсы кылыгы үчүн эркектер төшөк кумарына тойбойт

Бул – эркектердин басымдуу көпчүлүгүндө кездешет...

Кээ бир аялдарга эркектердин дүңкүйүп турган булчуң эти, сүйлөө манерасы же дагы башка кыймылдары жагат эмеспи? Андай учурда аялзаты эмне сезерин ким билсин, бирок эркектер аялдын кээ бир кылыктарынан эле балкып эрип, учуп калат.

Аялдардын кайсы кылыктары эркектерди дүүлүктүрүп жиберет? Муну аялдын өзү да байкабай калышы мүмкүн. Кийинкиде көңүл буруп же дал ушул учурларды кайталап көрсөңүз буга көзүңүз жетет.

Ар бир эркектин эсинен тандырган бир кылык – аялдын кулак тушундагы чачын сөөмөйүнө түрмөктөп ороп олтуруп эркелөөсү.

Аялдын боёнуп олтурган учуру... Байкап көрсөңүз болот, бир жакка чыгарда боёнуп олтурган учуруңузда күйөөңүз келип “сүйкөнө берсе”, аны “арбап” олтургандай көрүнөсүз.

Аялдардын өзүнө тамшана карап күзгү алдында турган кези – бул да эркектердин эсин кадимкидей “алып” коёт. Төшөккө алып жыкпасына да кепилдик жок мындай учурда.

Аялдын бир нерсе менен убара болуп, бар көңүлү менен кашын түйүп туруп алектенип жаткан учуру да байкап жаткан эркектин делебесин козгойт. Тамак даярдоо, китеп окуу же кийим тигүү болобу эркектерге баары бир. Аларды дүүлүктүргөн – аялдын эрдин тиштеп, кашын түйгөн көрүнүш.

Узатып жатканда аялы бетинен чоп эттире сүйүп алса да эркек үйдөн кеткиси келбей калат. Дал ошол учурда көптөгөн эркектердин кумары ойгонуп кетет.

Кызыгы күйөөсүнө буюм же кийим сатып алган аялдар да эркектердин көзүнө өзгөчө көрүнөт. Айрыкча ич кийим сатып алган аялдардын ошол күнкү түнү “от болуп” өтөт.

Суусап туруп муздак сууну шимирип салган учурлар болот го?! Мына, ошол учурда жаныңызда күйөөңүз болсо, “бүттү” дей бериңиз. Ал сиздин бул кылыгыңызды байкап турса, өзүн кармай албай калышы толук мүмкүн.