Кайгылуу окуя Казакстандын Орол шаарындагы куш фабрикасы аймагындагы коттеджде орун алган. Эксковатордун айдоочусу казуу учурунда жумушчулардын бирөөсүн кокустан жер астына көмүп салган. Жумушчунун сөөгүн чуңкурдан эки күндөн кийин гана туугандары издештирип табышкан.
65 жаштагы коттедждин жашоочусун туугандары 6-июнь күнү жумуштан келбеген соң издей башташкан. Ал ошол күнү эксковатордун айдоочусуна чуңкурду казууга жардам берген эле.
Коттедждин жашоочусу Асхат Баетов: “Жумуштан кийин аны издей баштадык. Аялынын айтымында, ал алкоголь ичимдигин иччү эмес. Жумушчуну полиция эки күн бою издеген. Эч жерден таппаган соң, казган аймакты ачтырып карашкан. Көрсө, биз издеп жүргөн адам ошол чуңкурга көмүлүп калыптыр”, - деп айтып берди.
Азыркы учурда полиция сотко чейинки тергөө иштерин баштады. “Байкабастыктан улам өлүмгө алып келүү” беренеси менен иш козголду.