Мекенине келе жаткан... Оренбургдагы жол кырсыктан 3 кыргызстандык каза болду

10 июля 2019 Мекенине келе жаткан... Оренбургдагы жол кырсыктан 3 кыргызстандык каза болду

Кырсык Москва убактысы боюнча түнкү саат 1.00дөр чамасында, 6-июлдан 7-июлга караган түнү Оренбург — Самара жолунун 228 чакырымында Тоцкое айылында болгон.

 Россиянын Оренбург облусунда мекенине келе жаткан үч кыргызстандык жол кырсыгынан каза болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү кабарлады.

Россиянын Оренбург облусунда мекенине келе жаткан үч кыргызстандык жол кырсыгынан каза болду

Анын айтымында, кыргызстандыктар ВАЗ 2107 унаасы менен Санкт-Петербургдан жолго чыгып Кыргызстанга келе жаткан. Кырсык Москва убактысы боюнча 7-июлда түнкү саат 1.00дөр чамасында Оренбург — Самара жолунун 228 чакырымында Тоцкое айылында болгон.

"Skoda үлгүсүндөгү машина жүк ташуучу унаадан ашып өтүү үчүн каршы тилкеге чыгып, мекендештердин унаасын сүзүптүр. Анын кесепетинен кыргызстандык эки эркек киши, бир аял жеринде мүрт кетиптир. Дагы бир аял өтө оор абалда өзүн билбей жаткан. Берки унаадагыларды тез жардам унаасы алып кеткенин айтышты. Мекендештерибиз эки унаа болуп жолго чыгышыптыр. Экинчи унаа артында келе жаткан. Анда каза болгон аялдын баласы болгон экен", — деди күбө.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы жол кырсыгы боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди.