Сауд Аравиянын мураскер канзаадасы Мухаммед бин Салмандын эжеси алты айга кесилип, беш миң евро айып төлөшү ыктымал.
Франциянын соту канбийке Хасса бин Салманды кармоого ордер берди. Бул тууралуу CBSNewsмаалымат агенттиги жазды.
Канбийке анын Париждеги үйүндөгү жумушчуга зомбулук көрсөткөн деп айыпталууда. Берилген арызга ылайык, 42 жаштагы Хасса бин Салман 2016-жылы анын үйүндө оңдоо иштерин жасап жаткан жумушчуну жансакчыларына сабаткан. Ошондой эле жумушчуну кемсинтишип, канбийкенин алдына чөгөлөтүп, бутун өбүүгө мажбурлашкан.
Сауд Аравиянын канбийкеси жумушчуну үйдүн интерьеринин сүрөттөрүн ЖМКга сатып жатат деп шектенген.
Прокурор Хасса бин Салманды жарым жылга эркинен ажыратып, 5 миң евро өлчөмүндө айып төлөөсүн талап кылууда. Ал эми анын жансакчылары сегиз айга кесилип, беш миң евро төлөшү ыктымал. Канбийке ага коюлган бардык айыптоолорду четке кагууда.