Жашоо үчүн эң ыңгайлуу мамлекет аныкталды

10 июля 2019 Жашоо үчүн эң ыңгайлуу мамлекет аныкталды

Жашоо үчүн эң ыңгайлуу мамлекет белгилүү болду.

HSBC Holdings Банкы жыл сайын иштөөүчүн ыңгайлуу орундардын рейтингин аныктай. 2019-жылы биринчи орунга жети баскычка көтөрүлүп, Швейцария чыкты. Жогорку маяна, туруктуу экономика менен балдар үчүн түзүлгөн шарттар жакшы болгондуктан, бул мамлекет алдыга чыккан.

Швейцарияга келгендердин 82 пайызы көчүп келгенден баштап, абалынын жакшырганын айтышкан.

Ал эми экинчи орунга акыркы төрт жылда тизмеде биринчи турган Сингапур жайгашты. Үчүнчү орунда – Канада. Биринчи ондукка болсо Испания, Жаңы Зеландия, Австралия, Түркия, Германия, Бириккен Араб Эмираты жана Вьетнам кирди.